Тендердеги теңсиздик: 8 чакырым жол 7 миллион сом ашыкча чыгым менен оңдолууда

Каганат.

Кочкор районундагы №955- жол оңдоо ишканасы Кочкор-Комунизм, Кочкор-Арсы-Кызыл-Омпол, Чолпон-Шахта-Туз авто жолдоруна асфальт тɵшɵɵ, ремонт кылуу үчүн тендер жарыялап, учурда иш башталууда. Албетте, жол оңдолгону жакшы деңизчи, бирок, бардыгы биригип 8 чакырым жолду жасоо үчүн 7 миллион сомго жакын ашыкча чыгым менен жасалганы турат. Эмесе, сɵз башынан болсун.

  1. 2 чакырымга созулган Кочкор-Комунизм авто жолуна асфальт тɵшɵɵ үчүн болжолдонгон сумма – 9 704 530 сом. Ага тɵмɵнкү 4 компания ат салышып, ɵз сунушатарын беришет:

«Кара-Балта Жол Курулуш» ЖЧКсы – 8 726 893 сом

«Дили» ЖЧКсы – 9 679 925 сом

«Грант-Старт» ЖЧКсы – 8 174 087 сом

«Мостдорстрой» ЖЧКсы – 9 507 163 сом

Жыйынтыгында тендер өткөргөндөрдүн теңсиздигинен улам эң кɵп каражат сунуш кылган «Дили» ЖЧКсы утуп чыгат. Тɵмɵнкү баа менен жасайм деген «Грант-Старт» ЖЧКсы сунуштаганга караганда 1,5 миллион сомго кымбат жасалууда.

  1. Узундугу 4 чакырымды түзгɵн Кочкор-Арсы-Кызыл-Омпол авто жолуна асфальт тɵшɵɵ үчүн ɵкмɵт 21 821 980 сом коротобуз деп болжолдойт. Аны аткарууга  4 компания ɵз сунуштарын беришет:

«Транстройдор Сервис» ЖЧКсы – 21 750 752 сом

«Грант Старт» ЖЧКсы – 20 123 035 сом

«Кара-Балта Жол Курулуш» ЖЧКсы – 19 393 907 сом

«Мостдорстрой» ЖЧКсы – 21 000 985 сом

Бул тендерде деле арзан баа менен сунуштаган «Кара-Балта Жол Курулуш» ЖЧКсыныкына караганда дээрлик 2.5 миллион сомго кымбат жасайбыз деп, катышкан компаниялардын барынан бийик сумманы кɵрсɵткɵн «Транстройдор Сервис» ЖЧКсына кармата беришет.

  1. Чолпон-Шахта-Туз авто жолун оңдоп-түзɵɵ үчүн ишкана 11 798 380 сомго тендер жарыялайт. Ага 5 компания катышат:

«Мостдорстрой» ЖЧКсы – 11 490 347 сом

«Грант Старт» ЖЧКсы – 9 808 907 сом

«Кара-Балта Жол Курулуш» ЖЧКсы – 9 591 551 сом

«Бем-Ас» ЖЧКсы – 8 540 018 сом

«Чу Прокси» ЖЧКсы – 11 647 672 сом

Эң арзан сумма менен жасап беребиз деген «Бем-Ас» ЖЧКсына салыштырмалуу 3 миллион сомго кымбат сунуш берип, берки 4 компаниядан тең жогорку сумма сунуш кылган «Чу Прокси» ЖЧКсы «утуп» чыгат. Үч учурда тең кымбат акча сунуш кылганына карабай утуп чыккан компаниялар шылдың кылгансып, ɵз сунуштарын болжолдонгон акчадан кичине эле арзан кылып койгону – бир чети, күлкүнү келтирет. Адатта мындай тендер жарыяланганда эң аз каражат сунуш кылган компания утуп, ал эми сапаты кайра талап кылып алынат эмеспи?..

Эмне себептен үч тендерде тең кымбат жасай турган компаниялар утуп чыкты? Себеби –  «тендерге катышкан компаниянын 60 чакырым радиуста асфальт-бетон заводу (АБЗ), же ошол аралыктагы АБЗ менен келишими болушу керек» деген кошумча талабы бар экен. Ал аралыктагы жападан-жалгыз АБЗ – Нарын-Торугарт долбооруна таандык. Завод менен келишим түзүүгɵ аракет кылышканын, бирок, белгисиз бир себептерге такап, алар менен «иштеше албайбыз» деп коюшканын утулуп калган компаниялардын ɵкүлдɵрү айтып, кейип жүрүшɵт.

Мамлекеттик ишкана 7 компания катышып жаткан 3 тендерде үчɵɵнɵ гана уруксаат берип, калгандарын «жалдыратып» койгону эмнеси? Демек, аталган асфальт завод «колунда токочу барлар» менен гана иштешеби, кептин бары ушунда… 

Тендер жарыялаган №955- жол оңдоо ишканасы дагы, каалаган компаниясы менен келишим түзүп, каалабаганын «алыс ойно» кылып койгон Нарын-Торугарт долбоорунун АБЗду дагы Транспорт жана жолдор министрлигинин карамагында экендигин эске алганда, бир ууч кишилер биригип алып, ɵз пайдаларына иштеп жатпаганына ким кепилдик берет?

Дагы бир кызыгы, утуп чыккандардын экɵɵсү – «Дили» ЖЧКсы менен «Транстройдор Сервис» ЖЧКсы Балыкчы шаарында катталса, «Чу Прокси» ЖЧКсынын каттоосу Кант шаарында болгону менен, кожоюну Исраилов Мирлан Жеңишбекович Балыкчылык болуп чыканы кызыгуу жаратат. (Тендер өткөрүүдөгү кенен иликтөөнү жакынкы кундөрү сунуштайбыз.)

Ошентип, 6 чакырымына асфальт тɵшɵɵ, 2 чакырымын оңдоп-түзɵɵ иштери үчүн Транспорт жана жолдор министрлигине караган № 955- жол оңдоо ишканасы жети миллион сомго чыгашалуу акча менен ишин баштады. Алдыда аталган ишкананын дагы 40 чакырым жол оңдоо планы бар.  Эгер ал жолдор дагы ушундай «мыйзамдуу кымыруу» менен жасала турган болсо, мамлекттин 45 миллиондон ашык каражаты максатсыз «чыгым» болору талашсыз. 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он эки + 20 =