WhatsApp-Кабар: Фариддин калпы кармалдыбы…

0

Каганат.

«Форумда» иш кызуу  жүрүп жатат. Бийликтегилердин алтын ордосуна айланган бул имаратта эртеден кечке бийликчил талапкерге башмалдак атып аткандардын таманы тыйылбай… Мындай билдирүүнү  WhatsApp-Кабар аркылуу  окурманыбыз  жөнөткөн.

Окурман  «Форумга»  кызмат ордун таштап коюп,  мейманчылап жаткан аткаминерлерди сүрөткө тартып алган. 

Бир карасаң, азыр шайлоонун үгүт маалы деле эмес. Демек,  «Форумга»  кызмат ордун таштап коюп,  мейманчылап аткандар “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу” Конституциялык мыйзамын гана эмес  «КРнын мамлекеттик жарандык жана муниципиалдык кызмат жөнүндө» «Мамлекеттик кызматкердин статусу жөнүндө» , жана башка мыйзамдарга «былч» эттире түкүрүп салып, эртелеп креслосун сактап калуунун аракетин көрүп жатат десек болот.

Фактылаштыралы:

Бул акжолтандабас УКМКнын орун басары «Сары» каймана аты бар Болот Сүйүнбаевдики. Мамлекеттин коопсуздугуна тикелей жооп берип, коркунучтарды алдын-алуучу  чекист 18.08. 17. Саат 15:30дарда «Форумда» эмне жумуш кылып жүрдү экен? Биздин оюбузча, ал болочок президенттин жолун тазалап,  артын бекемдеп жаткандай… Биз болсо коопсуздугубузду коргойт деп ага ишенип отурсак…

Президенттин ишенген жансакчысы, «реформатор» катары ИИМге министр болгон Улан Исраилов да иш имаратына караганда «Форумда» көбүрөөк болуп жаткандай. Анын кызматтык унаасы 8-августтан бери ушул тегеректен кетпей калды.  ИИМде иш калбай калганбы, так иш кайначу танкы саат 10-11лерде, кечки саат 2-3төрдө «Форумда»  кудага келгендей келберсип жүрү

Хохма! Өкмөт  башчынын сыйлык берүү бөлүмү эмитеден эле бийликчил талапкерди колдоп чыккандарды тизмеге алып, шайлоо ийгиликтүү жыйынтыкталса орден-медалдарды марттык менен таратат шекилдүү. Мына, ошол бөлүмгө тиешелүү кызматтык унаа «Форумдун» имаратынын алдында 9-августта танкы 8:30дан түшкө чейин «Форумда»  «байланып» турду.

Учурда өзүнүн мыйзамдуу иши, расмий статусу бар экенине карабай, баардык кызмат милдеттерин жыйыштырып салып Президенттин кеңешчиси Калык Султанов да «Форумдан» чыкпай калды. Балким кызмат ордун ушул жакка көчүрүп келгенби, ким билсин?!

Ал эми өлкөнүн Жогорку Кеңешинин аппараты депутаттар жайкы эс алууга кетээри менен «Форумдагы» КСДПчылардын аппаратына иштеп, «шабашке» жасап жаткансыйт. Болбосо мобу  ЖКнын кезметтик унаалары эмнеге ал жакта ар кимди ташып жатышат? Же, депутаттардын айрымдары эс албай эле эси оогончо ШЕФтерге иштеп берип жатабы?

Бул киши болсо 2010-жылдан бери КСДПнын шайлоо штабында эмгек сиңирген Бакыт Казыбаев. Эртеден кечке маселе чечүүчүлөрдүн бири катары “Форумда”  аракеттенет.

Урматтуу окурман! Эгерде сиз дагы ушул сыяктуу кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-Кабарга 0708 844-844 номерлерине  билдирүү жөнөтсөӊүз болот.

 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + 20 =