БШКнын мүчөлөрүнө кылмыш ишин козгоо тууралуу арыз жазылды

0

Каганат.

«Прецедент» юридикалык компаниясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 9 мүчөсүнө кылмыш ишин козгоо тууралуу Башкы прокуратурага арыз жазды. Юристтер БШКнын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен сынакка киргизилбей калганына нааразы.

Юридикалык компания “Ата Мекен” лидерин тестке киргизүүгө каршы добуш бергендер 139-берененин биринчи бөлүгүн (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу) бузушкан.

Юрист Нурбек Токтакунов БШКда Өмүрбек Текебаевдин тест тапшыруусуна шарт түзүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилейт.

Эске сала кетсек, 10-августта БШКнын жыйынында президенттикке талапкер Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселеси каралган. Анын жүрүшүндө БШКнын 9 мүчөсү аны сынакка катыштырууга уруксат берүүгө “каршы”, үч адам “макул” деп добуш беришкен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − беш =