Гүлдөр катуу добушту сүйүшпөйт

0

Каганат. 

Сулуу болгуңуз келеби?..

Көздүн астындагы бырыштар- бетти кары, адамды оорукчан көрсөтөөрү баарыбызга маалым. Ошол бырышты азайтуучу амалдардын бири-бекем, тынч уйку. Уктаар алдында беттеги боёктордун баарын сүртүп таштап , кабактарга ысык компресс койгонуңуз оң. Ушундан 3 мүнөттөн кийин майлуу бетмайдан маска жабыңыз. Эң негизгиси уктаган жайыңыз тынч, жаздыгыңыз жумшак болууга тийиш. Уктаар алдында бир аз сейилдеп, 20 мүнөттөй таза абада жүрсөңүз тынч уйкуга өбөлгө түзөт.

Кийимдеги саргарган такты кетирүү

Үтүктөн саргарып калган такты кетирүү үчүн водород перекиси менен суунун теңме-тең аралашмасын чүпөрөккө сиңирип алып сүртөт да, жылуу үтүк менен үтүктөйт. Же болбосо саргарган буюмду бор кислотасы кошулган аралашмага чылап, андан кийин үй температурасындагы сууга жууйт. 

Ал эми аппак буюмдан саргарып калган кийимге пияздын жарымын кесип, маңызы менен катуу сүртүп коюу керек.

Моюнга ылайык фасон тандоо

Жоон, кыска моюнга – моюн орооч, жоолук ороп же болбосо кат-кат шуру тагынууга мүмкүн эмес.Андан тышкары тик жакалуу көйнөк кийбегенге аракеттениңиз, анткени алар моюндун кемчилдигин гана баса көрсөтөт. Андан көрө көкүрөгү сүйрү, узунчасынан бычылган жакасы жок же анча чоң эмес кайырма жакалуу көйнөк кийип, чачты кыска кырктырып же чачын жарашыктуу жасалгалап алса моюн көзгө узаргансып көрүнөт. Ал эми узун моюндуу айымдар чачты ийинин жапкыдай кылып коёо берип койсо жарашыктуу болот.

Гүл катуу добушту сүйбөйт

Америкалык илимпоздор гүлдүн тынчтыкта жана үндүн добушу катуу чыккан жерде кандайча өсө турганын байкоо жүргүзүшкөн. Көрсө, добуштуу жерде гүлдүн өсүмү жайлай түшөт экен. Ошондуктан улам гүлдөрдү колдон келишинче бир аз күңүртүрөөк анан тынч жерге жайгаштырганыңыз оң. Ызы- чуудан гүлдү канчалык сугарып бапестесеңиз да өзүнөн-өзү соолуй берет.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + беш =