“Кыргыз чепкени дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган”

0

Каганат.

Эл оозунда байыртадан эле алп адамдар болгондугу жөнүндө айтылып келет. Алсак, Манас, Кошой, Семетей, Сейтек ж.б. эпос каармандары, уламыштагы Ажымоолук сыяктуулар алп адамдар катары сүрөттөлөт. Ал эми кийинки эле мезгилде жашап өткөн тарыхый алп адамдар да бар. Алардын айрымдары төмөнкүлөр.

  • Эң зор жана узун бойлуу кыргыз 16­-кылымда жашаган алп Тобок. Анткени анын бою бизге жеткен маалымат боюнча 4 метр болгон. Ат көтөрө албай өмүр бою жөө жүргөн. Ал ак-талаалык Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген.

 

  • Элдин айтымында Нарын өрөөнүндө жашап өткөн Кыдыралы балбан да зор адам болгон. Ага тогуз койдун терисинен тон тигишчү экен. Жоголгон улак анын кепичинин ичине жатып алып, кепичтин таманына салынган чөптү кепшеп жатканда табылганы аңыз катары айтылат.

 

  • Кадимки Төрөгелди баатырдын да алп адамдардан болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар.

 

  • Журналист Абдимуктар Абиловдун жазганына караганда алп кыргыздардын бири ноокаттык Токсонбай балбан болгон. Ал Кокон хандыгынын тушунда жашап, Кокон ханынын беш жыл камалып турган көк букасын жеңген, андан кийин хан ордосунда балбан болуп көп жыл кызмат өтөгөн. Эл арасында турганда бою көкүрөктөн өйдө чыгып турчу экен.

 

  • Кожомкул Каба уулу (1888-1955) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52-­өлчөмдөгү өтүк кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө­Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат. КР күрөш федерациясы 1962-­ж. эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. 1-­чемпиону — күрөш боюнча СССР спортунун 1­-чебери, самбо күрөшү боюнча 1­-чемпион болгон, спорттун эл аралык класстагы чебери, эл аралык категориядагы машыктыргыч Бараканов Кары.

 

  • Тогуз-торолук балбан Кыдырша уулу Абдыманаптын (1909-67) бою 2 метрден ашык, салмагы 130 кг болгон. Журналист Б. Орунбековдун изилдөөсү боюнча Абдыманап балбандын чепкени Кыргызстандын тарых музейинен Италияга, андан Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган.

 

  • КТ гезити 2002-ж. № 71- санына азыркы кездеги эң алп кыргыз катары акталаалык Турусбек Шыгаевди атаган. Салмагы ошол учурда 150 кг болгон.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 1 =