Премьер-министр сентябрда шайланат

0

Каганат.

Парламенттин кезексиз жыйыны 21-августта болбойт. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты.

21-августта президенттикке талапкерлигин койгон Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетери айтылууда.

Ал эми өкмөттүн жаңы курамын түзүү жайкы эс алуудан соң болору белгилүү болгон. 1-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы премьер-министр шайланып калышы ыктымал.

Айрым эксперттер жаңы өкмөт башчы Сапар Исаков болорун айтышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 − эки =