Жээнбековдун үстүнөн БШКга дагы арыз жазылды

0

Каганат.

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн даттануу түштү.

Комиссияга арызды президенттикке талапкер Рита Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлү жазган.

Алар Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматында калуу менен кызматтык абалынан пайдаланып, иш сапарлары учурунда үгүт иштерин жүргүзүп жатканын билдиришти.

Рита Карасартова жана анын ыйгарым укуктуу өкүлү БШКдан бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүүнү талап кылышууда.

Эске сала кетсек, буга чейин “Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү дагы Жээнбеков кызматтык абалынан кеңири колдонуусун токтотуусу керектигин айтып, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берүү тууралуу арызын жазган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 + үч =