Кечээ “Ак жол” партиясын ким шайлабаса ал чыккынчы дегендер, бүгүн СДПК үчүн жанын береби?

0

Каганат.

Шайлоону калыс жана таза өткөрөбүз” деген президент А. Атамбаевдин ушул жылдын 24-июлундагы өткөргөн маалымат жыйынында  элге берген убадасы жүз пайыз теңирден тескери болот окшоп калды. Же Алмаз Шаршенович калпычы болбой, “шайлоону Сооронбай Жээнбеков үчүн гана калыс, таза өткөрөбүз” деп койбойт.  

Айтайын дегенибиз учурда СДПКнын Фарид Ниязов, Икрам Илмиянов башында турушкан билермандары шайлоо өнөктүгү башталбай жатып,  Кыргыз Республикасынын Конституциясында көргөзүлгөн мыйзам талаптарып талпактай эле тебелеп жатышат. Бул адамдар “скелероз” ооруусуна чалдыкпаган болсо, Кыргызстандын жакынкы тарыхында болуп өткөн эки революциянын себептерин эч качан эстеринен чыгарбашы керек эле.

Болду болбоду бул жигиттердин көздөрүн май басып,  2005-жылдагы революцияны да, 2010- жылдагы кандуу окуяларды да эчак унутушкан окшойт. Антпесе ошол жылдардагы апааттуу окуялар так ушул шайлоону шайтандатып жиберген бийликтин кылык жоругунун айынан  чыкпады беле?!

Бүгүн качып бозуп жүрүшкөн эки президенттин эң чоң жаңылыштыгы так ушул шайлоолордогу адилетсиздиктер болбоду беле?!

Эми Атамбаевдин ушул эки кыйын чыкмалары үчүн атайы ал күндөрдү бүгүнкү кез менен салыштырып берели. Мүмкүн эстерине келишээр…

2005- жылы Акаевдин Осмонакун Ибраимов, Абдиль Сегизбаев деген азыркыча айтканда, Фарид Ниязов, Икрам Илмияновдору  КТРден тартып, Кыргызстандагы кыбыр эткен мамлекеттик админ ресурстардын баарысын минип алган. Мугалим, врач, айыл өкмөт, районо, керек болсо, айылдагы почточу менен китепканачыга чейин бийликтин сөзүн сүйлөйсүң, болбосо “чык эшикке” деп дөгүрсүшкөн.

 

Саясий оппоненттерди жамандап, алардын башынан ылдый көө күюп, шыбаган үчүн ошол жылдары КТР теле каналы “Карыпкуловдун кара жашиги” атанган.

Акаевчил бийликтин буйругу менен саясий оппоненттер куугунтукка алынып камалган, соттолгон. Аларга массалык маалымат каражаттарынан чыгууга, пикир айтууга бөгөт коюлган.

Конституцияны бузуу жолу менен бүгүн Атамбаев тууралуу “кың” эткендин баарысын камап, же сотко берип жаткан Индира Жолдубаеванын көздөй эжеси Чолпон Баекова Аскар Акаевге президент  болуп үчүнчү мөөнөтө шайланууга жол ачып берген.

Ал эми 2010 – жылы Бакиевдик бийлик да так ошол жолду Акаевден алты эсе ашыра кайталаган. Анда да ушул бүгүнкү Атамбаевдин жанындагы Фарид Ниязов, Икрам Илмияновго окшогон Бакиевдин жакындары мыйзамга түкүрүп таштап, элдин кыжырын кайнатышкан.

Шайлоолордо бүгүн СДПК үчүн өлүп беребиз деп жатышкандар 2010- жылдары “Ак жол” партиясын ким шайлабаса ал чыккынчы”- дегенге чейин барышкан. Оппозициянын көзүн тазалоо үчүн бүгүн жасалып жаткан Маевский –гейт, Белиз –гейттер  сыяктуу эле  Матрешка-гейттер уюштурулган. КТРден так эле бүгүн Илим Карыпбеков эмнени айттырып жатса, ошол эле “кара шыбак” өзгөрүүсүз так ушундай эле  кетип турган. Админстративдик ресурс куду бүгүнкүдөй эле күчкө салынып колдонулган.

Эми кептен алыстабайлы. Азыр акыбал андагыдан өзгөрдүбү? Мына ошого көңүл буралы.

 Бүгүн шайлоо башталбай туруп, Атамбаев дайындаган, мурда анын аппаратында иштеген, азыркы БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова кандай иштеп жатат, аны караңыздар…

Башкы Прокурор Индира Жолдубаева өз ишин аткарбай эле прокуратураны Президенттин дарегине бир аз эле катуураак кеп айтканга кылмыш ишин ачуучу, жазалоочу органга айландырды. Бул азыр эч кимге жашыруун эмес..

ИИМ министри Улан Исраилов Атамбаевдин жан сакчысы. Ал өз ээлеген кызматына татыксыз болсо да, бүгүн бүткүл милициянын генералдарын жерге түкүртүп, ИИМди калчап олтурат. Буга назар буруңуздар..   

УКМКны өз кесибин билбеген А. Шаршеновичтин айылдаш иниси, кесиби боюнча агроном Абдиль Сегизбаев башкарып, каяша сүйлөгөндүн баарысын камап, коркутуп, сурака чакырып турат. Буга да абай салыңыздар..

Ал эми Икрам менен Фаридди айтпай эле койолу. Тайраңдагандан эле ушул экөөнүн алдына Атамбаев башкарган алты жыл ичинде алдыга киши чыга элек..

Азыр бул эки эрке талтаң, шайлоо алдында өз кызматтарын өткөрүп беримиш болушуп, А.Атамбаевдин “Форум” аттуу офисине барып алышкан. Азыр ак үй, өкмөт үйү пустой! Иштин баары Форумда… Жапакеч, кошоматчыдан тартып, депутат министр, аким, айыл өкмөт, бизнесмен, итпай чотпайлардан бери лепилдеше жүгүнүшүп, жүгүрүшүп, Фарид менен Икрамга зыярат кылышып, ошол жерде жүрүшөт.

Бир кездеги “Карыпкуловдун” азыр эми “Карыпбековдун кара жашигине” айланган КТРден болсо, А.Атамбаев президент кылчумун деп, “мойнунан жетелеп чыккан” Сооронбай Жээнбековго акыркы эле үч жүманын ичинде, тагыраак айтсак 19- июлдан тартып, 8- августка чейин маниторингдин жыйынтыгы боюнча баам салсак, барысы болуп, 127 жолу эфир берилиптир. Бул деген бийлик КТРди КТР эмей эле “Сооронбай ТР” кылып салышты деген кеп. Бул деген Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ага кошуп, анын 21- статьясын бириктирип туруп, СДПК партиясы “пачагын” чыгарды деген сөз!

Ал эле эмес Кыргыз Респубикасынын  мамлекеттик кызматкерлери жөнүндө мыйзамдын  7-п,1-б,22-ст. да көргөзүлгөндөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендер: өзүнүн кызматтык иштерине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, алардын иштерине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө тыюу салынаарын СДПКчылар жана Фарид Ниязов менен Икрам Илмияновдор капарына  да албай калган.

Буга мисал, жакында эле  “Форумга” Респубикабыздын ар бир аймактарынан мамлекеттик чиновниктер күн түн дебей байма бай каттап, Икрам менен Фариддин алдынан өтүшүп, шайлоого карата тапшырмаларды алышып, үгүт иштерин эми эле башташып, элге өмгөк салып жатышканы боюнча журналисттерден мурун карапайым тургундар сүрөткө тартып социалдык сеттерге массалык маалымат каражаттарына жөнөтүп жатышат. Бул нерселерди дагы карапайым калктын бийликтин арам оюна бөгөт коюууга жасаган аракети деп түшүнсөк болот.

Мамлекеттик кызматкерлеридин күн-түн дебей “Форумдан” “буйрук” алып иштеп жатканынын өзү мыйзам боюнча бул туура эмес. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  шайлоолор боюнча беренелерине каршы келет десек, Фарид Ниязов алаканын жайып, ийинин куушуруп туруп,  “ Эгер бул жакка (Форумга) кайсыл бир мамлекеттик кызматкер жумуштан бош убактысында келсе, биз аны кантип келбе деп айтабыз” деп жооп айтарына бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот.

Кечээ күнү окурмандар  Форумдун эшигинин алдынан тартылып алынган сүрөттөр менен сиздерди тааныштырдык эле. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлер, чакалайдын чак түшүндө  иш учурунда, мамлекеттик автоунаалары менен Форумдун эшигин сагалап турушат.  Эгер Фарид менен Икрам аларды бирден чакырып, “Выбирай не выбирай президентом будет Сооронбай” деген тапшырмасын коюп жатпаса, алар эмне, ал жерде “байчечекей” терип жүрүшөбү?

Фарид Ниязов кудайды карабай туруп, эмнеге мынча жанын жеп калп айтат? Же эмне башка талапкерлердин барысына иштеген  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Атамбаевдин Сооронбай досу менен Фарид, Икрамдарына келгенде иштебейби?

БШК, Прокуратура, укук коргоо органдары буга эмне үчүн көңүл бурушпайт? Кайдан бурушмак эле..? Ал жактарды азыр Атамбаевдин мурдагы секретарша, телохранитель, шопур, ини-карындаштары тейлеп, “бөтөлкөлөш”  досу президенттикке коюп жатса..

Булак: Каганат.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

3 × төрт =