Дагы бир талапкер кыргыз тилинен жетиштүү балл топтой албады

0

Каганат.

Президенттикке талапкер  Полотбек Кенжекулов  “Кыргызтест” борборуна сынак тапшыруу үчүн 13:30да кирген. Тапшырган 4 субтесттин жыйынтыгы менен 58,87 балл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, Кенжекуловго мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жободо эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат гана берилери белгиленген.

Эске сала кетсек, буга чейин  Руслан Жунусов 4-августта жана  Калмамат Мактымбаев 10-августта тапшырган сынактын жыйынтыгында тиешелүү баллга ээ боло алган эмес.

Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты күндүн жыйынтыгы менен тапшырылат.

Учурда дагы бир талапкер А.Мансуров экинчи субтестти тапшырып жатат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети + 12 =