Бийлик Сариев деп оозанган мамкызматкерлерди жумуштан кетирүүдөбү?

0

Каганат.

Шайлоо жакындаган сайын бийлик Сооронбай Жээнбековду кантип президент кылуу амалын издеп, алапайын таппай келет. Жада калса Жээнбековдун атаандаштарынын аттарын айтып койгон мамлекеттик кызматкерлерди садага чабууга өтүптүр. Сөзүбүз куру болбосу үчүн БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын интернет баракчасына жазган маалыматы менен бөлүшө кетели.

Анын билдиришинче, БШКнын Баткен облусу боюнча атайын өкүлү Замира Жороева учурда 2 баласын мындан ары кантип багарын билбей, ыйлап отурган чагы. Себеби аны куру жалаа менен айыпташып иштен айдап жиберишкен. Маалыматтарга ылайык, Өкмөттө иштеген айрым адамдар Жороева конокко барып ал жерден “Ак Шумкар” үчүн, Сариев үчүн (“Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер – ред.) тост айткан имиш. Дал ушуну бетке кармаган БШК аны жумуштан тезинен кетирүүгө шашкан. Ал эми Жороеванын кесипкөйлүгүндө шек жок дешет аны жакшы билгендер.

Учурда 2 баласын жалгыз тарбиялаган эне кимге барып арманын айтарын билбей, ызага муунуп турган чагы. Ал “Ак Шумкар” партиясынын мүчөсү эмес экенин жана Сариев менен таныштыгы жоктугун айтып келет.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × беш =