Текебаев менен сот кайым айтышты

0

Каганат.

Биринчи Май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана ӨКМнын мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отуруму уланууда.  Анын жүрүшүндө төртүнчү күн катары менен Текебаев жарыш сөз айтууда.

Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу менен соттун ортосунда кайым айтышуу болду.

Сот Эрнис уулу Айбек Текебаевге кылмыш ишинин алкагында гана маалымат берүү керектиги тууралуу бир нече жолу эскертүү берип, кыйкырбай сүйлөөсүн талап кылды.

Текебаев керек болсо тарыхый фактылардан дагы мисал келтирерин айтты.

“Мен кыйкырган жокмун, болгону катуу сүйлөп жатам. Менин оозумду жабуу аракетин көрүп жатасыз, мен өз укуктарымды коргошум керек. Муну айтпа, тигини айтпа дейсиз, эми акырын сүйлө деп. Сиз радиодо сыяктуу кылып менин үнүмдү чоңойтуп, кичирейте албайсыңар”,-деди Текебаев.

Белгилей кетсек,  буга чейинки соттук отурумда прокурорлор Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүүнү жана эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик ишке аралаштырбоону суранышкан болчу.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча “Ата Мекен” партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп айыпталышууда. Алар муну саясий куугунтук деп атап келишет.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − бир =