Дүйшөнкул Чотонов акыркы сөзүн сүйлөдү. Тыныгуудан кийин соттун өкүмү угулат

0

Каганат.

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

 Анда  Дүйшөн Чотоновго акыркы сөз берилди. Ал өзү эмес, Өмүрбек Текебаев жөнүндө айтарын билдирип, соттон кыргыздын 25 жылдык тарыхын соттоп жатканын унутпоого чакырды.

“Өмүрбек Текебаев – бул өлкөнүн 25 жылдык саясый тарыхы. Эртең эле ага эстелик орнотосунар.  Мен муну тарыхчы катары көрүп-билген адам катары айтып жатам. Сиз Текебаевге кандай чечим кабыл алсаңыз да, ошол чечим менен тарыхта каласыз. Ошондуктан жүрөгүңүз менен кеңешип, чечим кабыл алышыңызды сурайм”, – деди Чотонов.

 Өмүрбек Текебаев түштөн кийин сүйлөйт. Андан кийин соттун өкүмү угулат.

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − тогуз =