Нарында «Нукура фест – Тоо койнундагы шаардын каада-салттары» фестивалы болот

Каганат.

Нарын шаарынын 149 жылдыгын жана туристтик сезондун жабылышына байланыштуу «Нукура фест – Тоо койнундагы шаардын каада-салттары» фестивалы өтөт.

16-сентябрда өтө турган иш-чаранын максаты – кыргызстандыктарды жана чет элдик туристтерди аймакка тартуу, кыргыз маданияты жана каада-салттары менен тааныштыруу.

Фестивалдын жүрүшүндө баланы бешикке бөлөө, тушоо кесүү сыяктуу салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле кийиз жасоо, улуттук тамак-аштарды кантип жасаса болору тууралуу мастер-класстар болот.

Келген конокторго боз үй кантип тигилери көрсөтүлүп, музыкалык топтор көңүл ачуучу программаларын сунуштайт.

Каалоочулар үчүн «Таш Рабат», «Кошой Коргон» жана башка тарыхый жайларга экскурсиялар болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − 4 =