Сот имаратынын алдына Текебаевдин тарапташтары чогулууда

0

Каганат.

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. 

 Анда  Дүйшөн Чотонов жана Өмүрбек Текебаев  акыркы сөзүн сүйлөдү.

Текебаев акыркы сөзүндө: “Мекендештериме, мага ишенгендерге, жардам берем дегендерге терең ыраазычылык билдирем. 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн 11и мени колдоду. Атамбаевден башкасынын баары мени колдоду. Атамбаевдин жанындагылар да ал кеткенден кийин бизди колдойт. Мен буга толук ишенем. Тарыхка адам баатырдык жана чечкиндүүлүк менен кирет”, – деди

 Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

 Ал арада соттун имаратынын алдында айыпталуучулардын 50 чакты тарапкери чогулуп турушат. Алардын арасында “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү, парламент депутаттары, айыпталуучулардын жакындары, жарандык активисттер да бар. Алар Текебаев менен Чотонов акталышы керек деп жатышат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × 1 =