Тарбиялуу жердин татыктуу уулу Жеңиш Жоробеков Каракол ШИИБинин жетекчиси болду

1

Каганат.

Жеңиш Жоробеков Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу KAGANAT.KG сайтына ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызматынан кеткен Азамат Токтоналиевдин ордуна бармакчы.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинен бошотулган. Ал бул кызматта 2013-жылдан бери иштеп келген.

Өмүр жолу

Жоробеков Жеңиш Мамаюнусович 1970-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында туулган.

1978-жылы Сузак районундагы “октябрдын 50 жылдыгы” мектебине кирип, 1987-жылы Сузактагы В.Ульянов атындагы мектепке которулган.

1989-жылы армияга чакырылып,  1991-жылга чейин аскердик кызматын өтөгөн.

1992-жылы Сузак районундагы мектепте дене тарбия мугалими, класс жетекчи болуп эмгектенген.

1992 – 1993 жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкектеги милициянын жогорку мектебинин курсанты;

1993 – 1996 жылдары Түркия мамлекетинин Полиция Академиясынын курсанты;

1996 – 1997 жылдары Бишкек шаарынын Ленин районунун милициянын аймактык тескөөчүсү;

1997-жылы Бишкек ИИББнын «Бүркүт» мобилдүү оперативдик группанын опер кызматкеринин жардамчысы;

1997 – 1998 жылдары Бишкек ИИББнын «Бүркүт» мобилдик-оперативдик группанын ага опер кызматкери;

1998 – 2001 жылдары Бишкек ИИББнын «Бүркүт» мобилдик-оперативдик группанын ага опер кызматкери командири;

2001 – 2004 жылдары Бишкек ИИББнын КИБ өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ага опер кызматкери;

2004 – 2005 жылдары ИИМдин КИББнын Уюушулган кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

2005 – 2006 жылдары Бишкек ИИББнын КИБ башчысынын орун басары;

2006 – 2007 жылдары Бишкек ИИББнын Октябрь РИИБнын башчысынын кылмыш иликтөө иштери боюнча орун басары;

2007 – 2008 жылдары Бишкек ИИББнын КИБ башчысы;

2008 – 2009 жылдары Чүй ИИББнын Москва РИИБнын башчысы;

2010 – 2013 жылдары Жалал-Абад ОИИБнын Тогуз-Торо РИИБ башчысы;

2013- жылдан 2017-жылдын февраль айын чейин Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы.

2003-жылы юридикалык илимдер боюнча кандидаттыгын жактаган.

Иш билги кызматкер тууралуу генералдар төмөнкүдөй пикирлерин билдиришкен:

Мелис Турганбаев, милициянын генерал-майору: “Өз кызматымды так аткарам деп жатып бирөөгө жаман көрүнүшүң, бирөөгө жакшы көрүнүшүң мүмкүн. Анан өчөшкөндөр чыгат. Мына менин деле душманым көп. Ошол сыңарындай, анын деле душмандары бар. Анткени, биз ушундай оор кырдаалдарда, оор кылмыштардын башын ачканга далаалат кылып келебиз. Мен бул жигит боюнча эч кандай терс пикир айта албайм. Анткени, анын жасаган жумуштары мактоого арзырлык.”

Кубатбек Байболов, милициянын генерал-лейтенанты: “Жеңиш Жоробековдун мен өз кесибин мыкты билген адис деп билем. Ал илимдин кандидаты, юристтердин үй-бүлөсүндө тарбияланган жана ошондой эле чет тилин мыкты билет”

Өмүрбек Кутуев, генерал, экс-ИИМ министри: “Мен ал жигит тууралуу жакшы гана пикирлерди угуп келатам. Анын тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген билимдүү адис экенин билем. Уккандарыма караганда, үй-бүлөлүк династиядан чыккан дешет. Анткени, атасы да, эжеси да ички иштер кызматкерлери экен. Мындайча айтканда тарбиялуу жердин татыктуу уулу”.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Chagylgan 16 August, 2017 at 17:32 Жооп берүү

    Ак ийилет – бирок сынбайт! Жениш аке, сиз элдин оозуна алынып калган, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, жумурай-журттун ак батасын алган жигиттерденсиз. Сиз оз эмгегиниз менен, Жараткандын колдоосу менен аброй чогулткан жетекчилерденсиз. Сиздин тагдырынызга кайдигер эмес, сиздин артыныздан баскан, эл арасында жургон, коптогон колдоочуларыныз бар экендигин билиниз. Мамлекетибизде калыстык бар экендиги бизди кубантат. Тагыныздан кут кетпесин!

Пикир

төрт × төрт =