Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы жыныстык жол менен көп жугууда

0

Каганат.

2017-жылдын 1-августуна карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен каттоодо тургандардын саны 7499 адамды түзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул илдетти көбүнчө жыныстык жол аркылуу жуктуруп алгандар басым жасайт. Тактап айтсак, орулуулардын 48 пайызы жыныстык катнаш аркылуу илдетти жугузуп алышкан.

«СПИД» республикалык борборунун директору Улан Кадырбековдун айтымында, донорлордун каржылоосу азайганына байланыштуу бюджеттен каражат бөлүү актуалдуу маселелердин катарын кирет.

“Жуманын башында Минфин 2018-жылга кошумча 20 миллион сом бөлөрү тууралуу белгилүү болду. “Дарылар жана медициналык каражаттар” беренеси боюнча бөлүнгөн каражат 40 миллион сомду түзөт бирок ушул каражаттар да жетишпей жатат”,-деди ал.

СПИД, кургак учук жана малярия илдеттери менен күрөшүү глобалдык фондунун гранты 2018-2020-жылдарга карата 23 миллион долларды түзөт.

“Бул каражаттын 11 миллион доллары ВИЧке жумшалат, бирок бул дагы жетпейт. Мурун жыл сайын 7 миллион доллардан бөлүнчү”,-дейт Улан Кадырбеков.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × бир =