СЫНГАН КЫЛЫЧ: Кудаяр-хандын кыпчактарга салган кыргыны

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

IX …

Так ушул учурда Кокон шаары, Ташкен шаары кан жыттанып жатты, арыктагы суулар шүүшүн болуп акты. Кудаяр-хандын кишилери ачыккан карышкыр болуп топ- тобу менен көчөлөрдү жойлоп, жолуккан кыпчак эле болсо турган-турган жеринде кармап, кылычтап кырып жүрүштү. Өз тиричилигинде темселеп жүргөн бейкүнөө жандар:

— О, айланайындар, күнөөм кайсы?..—деп, суру качып, ар кимди бир тиктешти, бөйдүн торуна түшкөн кара чымындай тыбырашты. Алардын жалынган үндөрүн ташты ташка ургандай сезимсиз, ырайымсыз, жапан айкырыктар дароо басып турду:

— Кыпчак!! Ушул сөз менен кошо курч тапталган кылычтар тең кетип, эки ортодо шорго кабылган бейкүнө баштар топулдап жерге күбүлүп жатты. Мусулманкул боз кыроо баскан кеч күзгө дейре өзүнө караштуу кыпчактарынан онбеш миңдей кол курап калышка үлгүрдү.

Хандын атын туу кылып көтөрүп, ордонун шумдары Мусулманкулдун мезгилинде ордо бийлигинин оорчулугун көргөн букара калктын кыжырын жалпы кыпчак уруусуна каршы буруп жиберишти.

«Көрүнгөн кыпчакты көрүнгөн жеринде өлтүрүп, малы-мүлкүн талап алган азаматка бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да доо жок» деп хандын жарлыгын чыгарышты. Бекер мүлк, доосуз мүлк тартып, көп өтпөй хандын туусунун түбүнө өлөбакысы союл, бычак көтөрүп, алтымыш миңдей талоончу каракелтек топтолду да, кыпчак уругунун мекени Эки-Суу- Арасына карай жер түтөтүп, чегирткедей самсып жөнөлдү.

Ордодон Мусулманкулду кууп чыгууга өзүлөрү ханга биринчи күч болуп берип алышып, эми иш мындай бүт кыпчакка каршы жаман багытка кеткенде кайра кайта алышпай, токтотууга кеч болуп, алсыз болуп, Нармамбет датка менен Өтөмбай кушбеги мүңкүрөп отуруп калышты. Адилдик кайсы жагында? Эч ким болжой албады. Тосо чыгып, дайыма камынтпай, дайыма күтпөгөн жерде тополоң түшүрүп сокмой адатын кылып, Мусулманкул чабуулду биринчи баштады. Ал бу сапар да бактысына сыйынды, бу сапар да кыпчактын илгертен канында келе жаткан жапан кашкөйлүгүнө, жаңгерлигине сыйынды. Кыпчактар бүтүндөй кызыл кийинип келишти майданга.

Кызыл кийинүү — толгондуктун белгиси. Ошол мезгилдерде кызылды кыпчактар гана кийүүгө акылуу болушкан. Тоолук жаатынын өтө барктуу даткалары гана кызыл кымкап тон, төбөсү кызыл бөрк кийип, калганы сарала, чаарала чапан, а сарт атыгып кеткен отурукташкан жааты көбүнчө кара чапан кийишкен.

Кыпчактын көкүрөктүү бектери өзүлөрүнүн өйдөлүгүн ушинтип белгилешчү. Бу же өлүм же өмүр деп эки жактын тең тагдыры ортого ташталган беттешүүгө ого бетер жасанып, өчтүү, сүрдүү, шарактап кайнап келишти. Хандын колу майда боз адырдын этегинде капкара болуп уюп жаткан эле. Бир убакта күн чыгып келе жаткан адырдан кыпкызыл болуп, кызыр аңызга жайнап чыккан кызыл гүлдөрдү алысырактан көргөн барбы, куду ошондой жердин бетин көрсөтпөй лыглык толкуп, кыпчактар каптап чыкты. Кара туман көп кол селт эте түштү. Заматта дабылдар дүңгүрөп, чуру- чуу, кымкуут, аттуусу аттуу бойдон жөөсү жөө бойдон куралга жабышты.

Эч эс алдырбай, эч убакыт бербей, жер титиреткен, мээ каңгыткан кыйкырык салып, селдей каптап келатты. Тандалма сыпайлар араң үлгүрүп көкүрөгү менен тосту. Эки жоо күүлдөп бетме бет келип, өлүм сүрү токтоттубу, бирпас тиреле түшүштү. Жекеге баатырлар чыгышы керек эле адатта. Бирок кыпчактар куралы эмес тиши менен чайначудай жапан айкырык салышып каптап берди.

Эки жак тең аёону да, аянууну да унутуп, жаралуу жырткычтай бырчылдашып киришти. Куду күзгү сары токойго түшкөн өрт сыяктуу кызыл катар тиги ийрилип камала калган кара кошунду шала — шала бөлүп, аралап, жалмап, мойсоп кирди. Өрттү суу гана өчүрөт. Буларды азыр бир токтотсо өлүмү токтотпосо, башка эчтеме такат бералбай, бет келгенди жексен кылып баратышты. Бир жерлерде кара туман көпчүлүк көптүгүнө салып жайнап, тепсеп жатты. Тагдыр ортодо. Өмүр ортодо. Ким жыгылат? Ким жыгат?

Бир канатта кызыл үстөм. Бир канатта кара үстөм. Бир жагында кайрат үстөм. Бир жагында сан үстөм. Тагдыр ортодо. Өмүр ортодо… Эки жак тең чапкан чөптөй кылка-кылка сулап кырылды. Көптүн иши көп, хандын колунун арты дагы эле үзүлбөй, бир убакта кыпчактардын кыпкызыл катарлары улам суюлуп, улам азайып, бириндеп, көлгө туш келген өрттүн калдыгы сыяктанып ар жерде бир кызаңдап, жалп деп өчүп, ар жерде бир жылтылдап, үлп деп өчүп, улам ындыны куруп баратты…

Бул күнкү кыргында кыпчактардан беш миң ашык киши опат болду. Кудаяр-хан тандалма аскеринин он миңге жакынынан ажырады. Мусулманкул тоо таянып чегинди. Бекер оокат, доосуз мүлк дегенде көздөрү кыпкызыл болуп чекелерине чыгып кеткен талоончулар адам каны саз кылган эрөл майданды канаттуу чегирткелердей самсып басып, эки жактын тең өлүктөрүн жоо жарагын гана эмес кийимине чейин сыйрып өзүлөрүн көк асмандын алдына дардайтып жалаңач калтырып, жулкулдашып талап чыгышты.

Анын эртеси ошол желиккен бойдон буркан шаркан сел болуп, коргоосуз калган кыпчак кыштактарын каптады. Алардан кийин, кыштактарда кан, түтүн, катуудан таштулга, жумшактан очоктун күлү гана калып жатты. Муну көрүп Мусулманкулдун жүрөгү атып кетти. Арга кайсы? Колдон келер иш кайсы? Ал алсырап калган эле. Ага эс жыюу, этек жыюу, күчүн дагы чактап көрүү зарыл эле. Убакыт кана? Ал көздөп бараткан жагынан кайра тартты да, түндөп жүрүп отуруп, кырылгандан калган колун бүт ээрчитип, Өтөмбай кушбеги менен Нармамбет-датканын кошуна өтүп ошолордун колуна түшүп берди.

— Бейкапар жаткан элде эмне айып? О, туугандарым, иттин баласына сөзүңөр өтсө, айтып талоончуларды токтоттургула. Мына мен келип бердим. Кимдин өчү болсо менин өзүмдөн алсын. Өзүмдүн тагдырыма баш ийбесем да, бейкүнө катын-баланын тагдырына мына баш ийдим… Мени силер жазалагыла. Мени силер өлтүргүлө. Сырттан сөөгүн кордобойт, иттин баласынын колуна бербегиле, бир сураганым ушул. Каныбыз бир. Менин өлүгүм аяк асты болсо, акыры силерге да кеп келет, намыс болот. Өзүңөр өлтүргүлө. Жазаладык дегиле, өлтүрдүк дегиле, карачапандардын табасын кандырып, ошону менен бейкүнө элдин өмүрүн арачалап калгыла…

А өлтүргүңөр келбесе, туугандарым, баягы араңардан суу өтпөгөн кезибиздей болуп кайра бириккиле, бириң жол башта, бириң кол башта, эптеп кыпчакты сактап калгыдай болгула, мен жол талашпайын, кетмен барбы, кетменди көрүккө абдан кызарткыла, мен көзүмдү жумбай тиктеп берейин, кетменди маңдайыма эки ээли жакын туткула, көзүм агып түшсүн.

 Бүттү, силердин да көңүлүңөр тынат, өзүмдүн да көңүлүм тынат. Ошондо тоонун арасына алпарып, бир өзүнөн башка эч кимиси жок бечара жесир кемпирдин алачыгына таштап койгула. Же карачапандардын күнөсү, же менин күнөм, же силердин күнөңөр, иши кылып, бүт кыпчактын башына кара күн түштү.

Туугандарым, арты мындан да кыйындаса, кокус аргаңар түгөнүп, акылыңар мукураса, мага келип, намыс кылбай акыл сурап тургула. Кыпчак тукум курут болуп кетпесин, туугандарым, эптеп, көптөп акыл табалы. Айтарым ушул… Эгер душманы колуна тийсе көкшүнү сууп, канын көрүп өчү канып, Кудаяр-хан кыргынды токтотор деп үмүт кылып турушкан эле.

уландысы бар.

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =