Темир Сариев: “Элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо өзүмдү да курмандыкка чалууга барам”

1

Каганат.

Аты-жөнү:  Сариев Темир Аргембаевич

Туулган жылы:  1963-жыл 17-июнь

Жашы: 54

Акыркы кызматы: КРнын премьер-министри

Азыркы кызматы: “Ак Шумкар” партиясынын лидери

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Чүй

Туулган айылы: Төш-Булак

Улуту:  Кыргыз

Уруусу: Солто

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Хоббиси:  Теннис ойноо, сууга сүзүү

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Үй-бүлөсү: Айжан Сариева (жубайы), Айгерим Сариева (кызы), Бекболот Сариев (уулу).

ОРТО БИЛИМИ: 

-Бишкектеги спорт интернаты

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

– 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги

АСКЕРДИК КЫЗМАТЫ:

-1981-1983 жылдары Украинанын Николаевка шаарында аскердик кызматын өтөгөн

ЭМГЕК ЖОЛУ

-1983 — 1987-жылдары

Иштеген жери: Аламүдүн тери фабрикасы

Кызматы: экспедитор, экономист

1987 — 1989-жылдары

Иштеген жери: Аламүдүн райком комсомолу

Кызматы: Эмгек жаштарынын бөлүм башчысы

1990 — 1991-жылдары

Иштеген жери: Аламүдүн райондук аткаруу комитети

Кызматы: аппарат жетекчиси, төраганын орун басары

1991 — 1995-жылдары

Иштеген жери: Кыргыз товар-сырье биржасы

Кызматы: Президент

1995 — 2000-жалдары

Иштеген жери: “Тотон” каржы-өнөр жай фирмасы

Кызматы: Башкы директор

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

2000 — 2007-жылдары

Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.

2005-жыл

Кызматы: Кыргызстандын Конституциялык кеңешинин мүчөсү.

2007-жыл

“Реформа үчүн!” кыймылынын теңтөрагасы, “Ак Шумкар” саясий партиясынын теңтөрагасы.

2007-жылдын 11-апрелинде «Ала-Тоо» аянтында оппозициянын мөөнөтсүз митинги болгон. Анда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери көздөн жаш агызган газ жана күч колдонгонуна карабай, аянтка чыккан элди колдоп, таштап кетпей аягына чейин турган оппозициянын жалгыз лидери болду.

Башка саясатчылардан өзүнүн кайраттуулугу жана калкынын катарында бирге болгондугу менен айырмаланып, элдин эсинде калды.

2008-жыл

 “Ак Шумкар” саясый партиясынын төрагасы болуп шайланган.

2010 — 2010-жыл

Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, Каржы министри

2011 — 2012-жылдары

Кыргыз өкмөтү: Экономика жана монополияга каршы саясат министри

2012 — 2015-жылдары

Кыргыз өкмөтү: Экономика министри

2015 — 2016-жылдары

Кыргыз өкмөтү: Премьер-министр

СЫЙЛЫКТАРЫ:

-II класстагы мамлекеттик даражасы бар.

-III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Үй-бүлөсү тууралуу: Жубайы Айжан Сариева англис тили мугалими. Учурда үй кожейкеси. Кызы Айгерим Сариева «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсында эмгектенет, ал эми уулу мектеп окуучусу.

Темир Сариевдин элдин эсинде калган сөздөрү

2010-жылдагы шайлоо тууралуу

Мен деле ызаланып, аркы жээкке туруп алып кыйкыра берсем болмок. Убагында мен принципиалдуулукту көргөзүп жүргөм. Добуш берген көпчүлүктүн тандоосу жагабы-жакпайбы, биз аны кабыл алышыбыз шарт.

ЕАЭБ тууралуу

Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары анын жарандары жана товарлары биримдиктин башка мүчөлөрү тарабынан кодулоого дуушар болбошу керек. Биздин элибиз, ишкерлерибиз бул биримдикке киргенден кийинки жеӊилдиктерди сезиши кажет.

Дин тууралуу

Кыргыз маданиятын, салтын, тилин сактап, ошол эле убакта Мухаммед пайгамбардын хадистерин элге туура жеткирип берүү керек.

Өзбекстандан алынган объектилер тууралуу

Өзбекстандан биздин 19 объект мамлекеттик балансыбызга өткөн. Кайтарылып алынган пансионаттарды эми туура иштетишибиз керек. Баары өзүбүздүн колубузда турат, бирок тартип жетишпей жатат.

Конституцияны өзгөртүү тууралуу

Конституциянын долбооруна киргизүү же киргизбөө чечимин кабыл алуу кыйын. Элдин сунуштарын ким топтоп, ким баалайт? Эгерде муну менен бийликтеги партиялар алектенсе, анда мындай процедуралардын легитимдүүлүгү шек жаратат.

Өкмөт башчылык кызматынан кеткени тууралуу

Өлкөдө каатчылык болуп жатканда, ар кандай тирешүүлөрдөн улам бийликте ырк кетпесин деп, жеке кызыкчылыгымдан мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коюп, отставкага кеттим.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Орозова Айчурек 20 August, 2017 at 08:41 Жооп берүү

    Темир Сариев туштуктукторду аябай жаман корот деп коп угабыз, ажо болуп калса анда куурайбыз го биз туштуктуктор, чыныгы элим деген инсан элди болуп мамиле кылбай казактын ажосундай кайсы олкодо кыргыз болсо чогултуп, бир тундуктун астына бириктирип, кучтуу мамлекет кылам деген максаты болуу керек Н.Назарбаев Монголиядагы, Кытайдагы казактарын алып келди

Пикир

9 − 3 =