Казак-кыргыз айтышына 8 төкмө акын тандалып алынды

0

Каганат.

20-августта Кыргыз улуттук драма театрында кыргыз-казак эл аралык айтышына тандоо туру өтүп, анда казак акындары менен төкмөгө чыгуучу кыргыз акындарынын аты аталды.

Маалыматка ылайык, Изат Айдаркулова, Амантай Кутманалиев, Идирис Айтбаев, Азамат Болгонбаев, Болот Назаров, Жылдызбек Төрөканов, Кадырбек Бейшенов, Асылбек Маратов казактар менен айтышмакчы.

Кыргыз-казак айтышы 30-31-август күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата өтөт. Байге фонду 2 миллион сом.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − он бир =