Кыргыз улакчылары Монголия менен беттешүүгө чыгат

0

Каганат.

   Көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргыз улакчылары Монголия менен беттешүүгө чыгат.   

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн соңунда кайра Монголия менен беттешке чыгары туурасында чечим чыкты. Бирок азырынча оюндун убактысы белгилүү боло элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстан командасы бүгүн эртең менен така чырынан улам программа боюнча Монголия менен беттешүүгө белгиленген убакытта чыкпай калганы үчүн оюндан жеңилди деп эсептелинген.

Буга нараазы болгон  Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайтып келээри айтылган.

Мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы “А” тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + он тогуз =