Кытайда окуган кыргызстандыктар үчүн виза берүү мөөнөтү узартылды

Каганат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызмат билдиргендей, Кытай элчилиги кыргызстандык студенттерге виза берүү мөөнөтүн узартты.  

 Маалым болгондой,  18-августта Бишкек шаарында ТИМ менен Кытай элчилигинин ортосунда кезектеги жолугушуу өткөн. Анда кыргызстандык студенттеринин жаңы окуу жылы башталганга чейин Кытайга кетүүсүнө жардам берүү маселеси талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар студенттик виза берүүнүн мөөнөтүн узартуу чечимине келишкен.

Келишимге ылайык, Кытайда окуган кыргыз студенттери виза алуу үчүн 21-августтан 15-сентябрга чейин Бишкектеги Кытай элчилигине кайрылса болот.  Документтерди кабыл алуу дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 9.00дөн 12.00гө чейин жүрөт.

Белгилеп кетсек, виза албай калган гранттык окуудагы студенттер жеңилдиктен кол жууп калышы ыктымал.

Документтерди берүү тартиби былтыр Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болгондон кийин күчөтүлгөн.

Азыр аны 1 ай ичинде алып калуу керек.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир + он беш =