Унгар-Тоонун жасалма документин ким жасаган?

0

Каганат.

“Унгар-Тоону Темир Сариев сатты” деген Бекназаров бул сөзүн далилдей алган жок. Бул тууралуу окурманыбыз «Элдик пикир» рубрикасына билдирүү жазып калтырган.

“2016жылдын март айынын аягында “Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Унгар-Тоо аймагын Өзбекстан тарапка кыргыз өкмөтү берип салды” деген айгай менен саясатчы Азимбек Бекназаровдун  жалган билдирүүсү чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын ичинде уу-дуу кептер жүрүп, ошол учурдагы премьер министр Темир Сариевдин тийиштиги бар деген айың кеп тараган. Бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан тийиштүү териштирүү жүрүп, Азимбек Бекназаров көтөрүп чыккан документ жасалма документ экендиги аныкталган.

Тилекке каршы, мындай жасалма документти ким чыгаргандыгы ушул күнгө чейин аныкталбай келет. Анткени Бекназаров көрсөткөн документ көчүрмөсү болуп чыгып, мыйзамды семичкедей чагам деген Бекназаров учугун таптырбай кеткен. Бирок дал ошол өкмөттүн токтомун токуган 20 чакты адамдар суралып, документтин түп нускасы таптакыр башкача жазылгандыгы аныкталган эле.

Териштирүүнүн жыйынтыгында РРС-24 аттуу радиотолкун берүүчү мунараны көчүрүү демилгеси гана болуп, Унгар-Тоодо жайгашкан “Кербен” РРС-24 теле мунарасына дагы бир радиотолкун бере турган мунараны куруу тууралуу гана сөз болгону белгилүү болгон.  Жаңы салына турган теле мунара Бозбу -Тоо аймагындагы Ителги чокусуна орнотулуп Унгар-Тоодогу  РРС-24 “Кербен” теле мунарасы ордунда калган. Жаңы радио толкун берүүчү мунаралар Чаткал, Ала-Бука, Аксы аймактарындагы маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн болгондугун өкмөт да, териштирген башкы прокуратура дагы билдирген.

Эми арадан канча убакыт өтүп, бул боюнча шайлоо алдында ар кандай ушактарды таратуу кызуу жүрүп жатат. Дал ушул “Унгар-Тоону Сариев сатып жиберген экен” деген кептердин ушак экендигин жергиликтүү эл да далилдеп бере алат. Анткени дал ошол учурда чагымчылдык жүргүзүүнү каалагандардын тилегин таш каап, чындык калкып чыккан. Бул боюнча дагы Темир Сариев бир нече жолу тактоо киргизип, түз суроого дагы жооп берген.

Темир мырза  жерлерибиз бөлөк элге берилишин каалабаган бирден-бир өкмөт башчысы болду окшойт. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 28 өкмөт башчысы иштептир. Бирок алардын биринин коңшу өлкөлөр пайдаланып жүргөн Кыргызстанга таандык пансионаттарды кайтарып алууга кудреттери жеттиби? Жок. Бир гана Игорь Чудинов өкмөт башчы болуп келгенде бул маселе көтөрүлүп барып, аягына чыкпай калган…

Ал эми Сариев коңшу өлкөлөр пайдаланып жүргөн бир эмес 19 объектти мамлекеттин карамагына өткөрүп берген жападан жалгыз өкмөт башчы болгондугун, бүгүн биз канчалык танбайлы тарых тандырбайт. Эгер Сариев жер саткандардын катарында болсо дал ошол 19 объектти  деле бармак басты көз кысты кылып коёт эле. Ошондуктан саясатчылар бир-бирин күнөөлөп, бирөөгө жугунду куярдын алдында, далилдерин келтирип, күбөлөрүн тактап анан кыйкырышса болмок. Антпесе мындай ушак менен куру доомат арткандардан эл дагы тажап бүттү.

Мекеним дегенде ак эткенден так этип жүрүп 19 объектти  кайтарып алууга кудурети жеткен Сариев Унгар-Тоону берип коймок беле?”

Б.Кожояров, Аксы району

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

алты + 12 =