Атамбаев ЖКнын кезексиз жыйынын 25-августта өткөрүүнү суранды

0

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-августта, парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракцияларынын лидерлери менен жолугушууда.

“Жогорку Кеңештин  Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Кыргыз Өкмөтүнүн жаңы курамын түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңешти кезексиз  сессияга чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым”, – деп билдирди Мамлекет башчысы.

Президент Алмазбек Атамбаев Президенттик шайлоолорго даярдык көрүү жана аны  өткөрүү менен бирге жаңы Өкмөттүн  алдында  кышка даярдык  көрүү жана күзгү талаа жумуштарын  өткөрүү боюнча маанилүү милдеттер  тургандыгын баса белгиледи.

Президент менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана “Бир бол” фракциясынын лидери  Алтынбек Сулайманов катышышты.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 3 =