Көк бөрү: Кыргызстан-Өзбекстан 4:0

0

Каганат.

Бүгүн, 22-августта Астана шаарынын “Казанат” ат майданында көк бөрү боюнча мелдештер уланууда.

Анын жүрүшүндө кыргыз командасы өзбек курамасынан 4:0 эсеби менен алдыда келе жатат.  Биринчи тайм бүтүп, кыска убакытка тыныгуу жарыяланды.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта Кыргыз курама командасы Монголияны 4:0 эсебинде уткан.

Мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы “А” тайпасына кирген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары ат салышмакчы.

Улуттук курама команданын жетекчиси —  Талас Бегалиев.

Башкы машыктыруучу — Ислам Тазабеков

Улук машыктыруучу — Бектур Рыскулбеков.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + 1 =