Бүгүн А. Тыныбекова Парижде Дүйнө чемпиондугунда күч сынашат

1

  Каганат.

Бүгүн, 23-августта Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-күнүндө кыз-келиндер арасындагы беттештер өткөрүлөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Назира Барсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы килем  үстүндө күч сынашат.

55 килограммга чейинки салмак ченинде (1/8 финал):

Назира Марсбек кызы – Марина Седнева (Казакстан)

59 килограммга чейинки салмак ченинде (1/8):

Айсулуу Тыныбекова – Жессика Бендезу (Перу) менен Лаура Мертенз (Германия) ортосундагы беттешинин жеңүүчүсү.

75 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16):  

Айпери Медет кызы – Намжу Хё (Түштүк Корея).

 Белгилей кетсек, Күрөштүн бириккен дүйнөсүнүн сайтында жаңыланган тизме боюнча Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнөнүн эң мыкты балбандарынын үчилтигине кирген.

 Эске салсак, рейтингде 3-орунга жайгашкан Тыныбекова жакында эле жаракат алып Польшада өткөн эл аралык турнирде күмүш медаль багындырган болчу.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. А.Д.К. 23 November, 2017 at 09:55 Жооп берүү

    Кыргызстандын сыймыгы болгон Айсулуу Тыныбекова сага ийгилик гана болсун.Аллахым сени колдоп турсун.Сени менен Кыргызстандыктар сыймыктанабыз,азаматсын…

Пикир

10 + сегиз =