Көк бөрү: Кыргызстан-Түркия 7:2

0

Каганат.

Бүгүн Астанада өтүп жаткан  көк бөрү боюнча Дүйнө Чемпиондугунда  Кыргызстан курамасы Түркияга каршы ойноодо.

Биринчи таймдын натыйжасында кыргыз командасы 7:2 эсеби менен алдыда келе жатат.

Белгилеп кетсек, буга чейинки эки оюнда биздикилер жеңишке жетишкен.

Кечээ кыргызстандык улакчылар Өзбекстан курамасын  11:2 эсебинде утса, ага чейин Монголия менен ойноп, 4:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышууда жана алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы “А” тайпасына туш келген. Анда Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 1 =