Дарья Маслова Бүткүл дүйнөлүк универсиадада алтын медаль тагынды

0

 

Каганат.

Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада кыргыз жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

23-августта өткөн жеңил атлетика боюнча мелдеште 10 миң метр аралыкты Дарья Маслова 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн.

Жарышка 14 мамлекеттен 19 спортчу катышкан.

Күмүш медалды индиялык Жадхав Санживани алса, коло медалга Япониянын жөө күлүгүАй Хосода ээ болгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − үч =