Сариев: “Сентябрь” телеканалынын жабылышы ММКларга басым күчөп жатканынан кабар берет”

0

Каганат.

“Ак Шумкар” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Темир Сариев “Сентябрь” телеканалынын жабылышы боюнча пикирин билдирди.

“Сөз эркиндиги жана ММКлардын абалы тууралуу мындан мурун да өз оюмду билдирип кеткен элем. Тилекке каршы, өлкөбүздө альтернативдүү көз карашка ээ болгон ММКларга карата басымдын күчөгөнүн көрүп жатабыз. Өзгөчө президенттик шайлоолордун жакындашы менен бийликтин тескөөсү, көзөмөлү алдында болбогон телеканал калган жок. Бул акылга сыйбаган көрүнүш!”-деди Сариев.

Ошондой эле ал коомдук каналдар бир талапкердин гана кызыкчылыгына иштеп жатканына нааразычылыгын билдирген.

“Ал эми силер менен биздин салыктарыбызга жашаган коомдук телеканалдар болсо президенттикке талапкерлер жөнүндө материалдарды көрсөтпөй жатышат. Биздин жарандар салыктарын бул каналдар бир гана кишинин же талапкердин кызыкчылыгына иштеши үчүн эмес, өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча маалыматка ээ болуу үчүн төлөп жатышат.

Кыска мөөнөттүн ичинде эле “Сентябрь” телеканалынын жабылышы ММКларга карата күчөп жаткан басымдын дагы бир көрсөткүчү. Саясий оюндар болуп жаткандай.

Сөз эркиндиги демократиянын пайдубалы, ошондуктан демократиялык мамлекетте мындай кырдаалдын болушу абдан коркунучтуу. Мурунку каталарды кайталабагыла деп, урматтуу Президентибизге кайрылат элем. Сөз эркиндигин коргошубуз керек, сөз эркиндиги үчүн күрөшүшүбүз керек! 2009-2010-жылдардагы окуялар так бүгүнкүдөй сөз эркиндигине болгон басымдан улам чыкканын унутпашыбыз абзел!”-деди Темир Сариев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч + он сегиз =