Улакчылардын утулушуна кимдер кызыкдар болгон?

0

Каганат.

Ат жалында шамалдай ойноп ата-бабалардан келе жаткан улуттук оюнубузду аздектеген балбан билек жигиттерибиздин Казакстандан 2-орунду алып кайтуусу көпчүлүктү ызалантып турган чагы. Кыргыз жигиттери кантип эле көк бөрүдөн жеңишти алдырып жиберет деп чыркыраган кыргыздар кептин баары президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири, шоопур Икрамжан Илмияновдо жатканын айтып чыгышты.

Албетте көк бөрү күйөрмандары бул кептерди бекер жеринен айткан жерлери жок. Себеби коомчулукка таркаган видеодо Илмиянов Кыргызстандын намысын коргоочу жигиттерге дем бербестен, тескерисинче “баардыгы чечилген, баардыгы сүйлөшүлгөн” деп алардын духун түшүрүп жатканын көрсө болот. Жигиттик намысты тебелеп өтүп базардагы соодачылардай акчага азгырылган Илмияновдун улакчылар үчүн убайым тартпаганы жеңилгенден кийинки сөзү деле далилдеп турат.

“Оюнда жеңилгенди, утулганды да билиш керек. Максат орунда эмес, максат оюнда. Жеңиш казак туугандарда болуп жатканына эч качан өкүнбөйбүз”,-деген Илмиянов.

Улакчыларды сасыган саясаты үчүн жем кылгандардын арасында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов дагы бар экен. Демейде баскан турганы тууралуу интернеттеги баракчасына бөлүшүп турчу Бабанов бул ирээт эмнегедир Астанага барып, көк бөрүчүлөр менен жолугушканын жашырып турду. “Шибегени капка ката албайсың” дегендей, чындык акыры билинип отурат.

Көрсө, Бабанов кыргыз жигиттерин алдыга сүрөп, аларга дем күч бербей эле, алардан утулууну талап кылган тура. Кыргыз көк бөрү командасы менен Бабанов сүйлөшүп отурган маалда тартылып алынган сүрөттө эмнегедир Бабанов гана мыйыгынан жылмайып, калган улакчылардын баары баштарын жерге салып капа болуп отурганын көрүүгө болот. Бул мелдешке барып, таластык жердештерин оюндан утулуусун сурануу менен Бабанов алдыңкы шайлоодо казактардан жардам үмүт этип жатканы даана көрүнүп турбайбы.

4 күн катары менен жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, Монголия, Түркия, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин курама командаларынын таш талканын чыгарган кыргыз жигиттери казак улакчыларынан утулуп калуусу мүмкүн эмес эле. Бул алдын ала сүйлөшүлгөн кадам экенин интернет баракчаларындагы билдирүүлөрдөн улам деле билсе болот. Анда айрым интернет колдонуучулар эсеп канча болорун оюнга бир күн калганда эле жазышып, утуш казак тарапта экенин жар салышкан эле.

“Бул спорт, бирде жеңесиң, бирде жеңилесиң” деп кыргыз курама командасынын жигиттерине тил эмизип жаткан шумпай саясатчылардын Манастын урпагы экенин унутта калтырып, жигиттик намысынан дагы акчаны, саясатты бийик коюп жатышканы өкүнүчтүү.

“Бир кумалак, бир карын майды чиритет” демекчи айрым саясатчылардын алкымынын керней болуп калгандыгынан улам кыргыз элинин, кыргыз жигиттеринин намысы тебеленип жатканы зээнди кейитет.  

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − 11 =