Футбол: Кыргызстандын курама командасы кезектеги беттешке даярданууда

0

Каганат.

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия кубогунун чечүүчү беттешине даярданууда. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-сентябрда Бишкекте биздин команда Мьянмага каршы кез келет.

Жолугушуунун жыйынтыгынан кыргызстандыктар финалдык раундга чыгары көз каранды.

Мьянмага каршы оюн Долөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат.

Билеттер баасы 250 сомдон 500 сомго чейин.

 Эске салсак, буга чейин курама өз тобунда Макаону 1:0 эсебинде утуп алып, Индиядан жеңилип калган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + эки =