Жапаровдун сотунда сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынды

0

Каганат.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун сотунда сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынды.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов сот процессин сүрөткө, видеого тартууга уруксат сурады. Айыпталуучу Жапаров дагы отурум ачык болушу керектигин билдирди.

“Бүткүл эл сиз саясий буйрукту аткарбай мени адилеттүү соттоп жатканыңызды көрсүн ”,-деди Жапаров.

“Тартууга тыюу салынат, операторлордун нары бери басып жүрүүсү, фотоаппараттардын жарыктары процесске тоскоолдук жаратат”,-деди сот.

Эске сала кетсек, 2-августта Биринчи Май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

“Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөсүн. Убактылуу кармоочу жайда камалган ар бир күнү 2 күнгө барабар деп саналсын”,-деген сот. 

Буга макул болбогон Жапаровдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + 7 =