“Ас-Салам” гуманитардык фонду 2-сентябрда «Улуу Курман Айт» мааракесин өткөрөт

Каганат.

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата “Ас-Салам” гуманитардык фонду жана «Эл аралык кыргыздар ассоциациясы 2-сентябрда саат 9:00дө Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында Курман айт майрамынын урматына «Улуу Курман Айт» мааракесин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Эрлан Жыргалбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мааракеде кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлүп, мал союлуп, эт таратылмакчы.

Эрлан Жыргалбек уулу: «Майрамдын алкагында курмандыка мал союлат. Ал жергиликтүү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылмакчы. 20 жакын кыргыз улуттук оюну: Көк-бөрү, Аламан чабыш, Тоо чабыш жана башка кыргыздын унутта бара жаткан оюндар ойнотулат. Ага ар бир кыргыз жараны катыша алышмакчы. Байгеге 85 баштык кыргыз ак боз-үйлөр, үй салууга 2 500 000 сом, төөлөр, жылкылар жана башка кызыктыруучу сыйлыктар коюлмакчы. Ошондой эле боз үйлөр тигилип иш-чарага катышкандар акысыз тамактана алышмакчы»,-деди.   

Иш-чара Адекс Интернейшнл компаниясы, Кыргызстан Мусулмандарынын динбашкармалыгы, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик коммисиясы, Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү табанына уюштурулуп жатат.

Иш-чараны чагылдырган журналисттер үчүн Эрлан Жыргалбек уулу 0778704159, 0705663410 номери аркылуу байланышса болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + он төрт =