Бүгүн Кыргыз-Казак айтышы башталат

0

Каганат.

Республикалык «Айтыш» коомдук фондунан билдиргендей, бүгүн, 30-августта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 11-Эл аралык төкмө акындардын айтышы башталат.

 Маалым болгондой,  айтыш КРнын Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналууда. Анда 8 казак төкмө акындары жана Кыргызстандан 8 акын катышат. Жалпы байге фонду 2 млн сомду түзөт.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, «Айтыш» фонду, Тууганбай Абдиев атындагы коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Ал эми айтыштын финалдык бөлүгү 31-августта өтөт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − он эки =