Бишкектеги №4-төрөт үйүндө эгиздердин энеси көз жумду

0

Каганат.

Бишкектеги №4-төрөт үйүндө 26 жаштагы айым көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Эгиз уулдарды төрөгөн айым 27-августта төрөт үйүнө келип эгиз уулдарды жарык дүйнөгө алып келген. Бирок 29-августта келин көз жумган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнө төрөт үйүнүн кызматкерлерин күнөөлөп келишет.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо бул окуя боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди.

“Көз жарган айымдын каза болуусуна эмне себеп болгону комиссиянын ишинин натыйжасында белгилүү болот”,-деп билдиришти министрликтен.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × төрт =