Дүйшөнбек Зилалиев: Электр энергиясына болгон баа кымбаттайт

Каганат.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев электр энергиясына болгон баа бара-бара кымбаттаарын билдирди.  Ал бул тууралуу  Улуттук энергоходинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев, бир катар мекеме жетекчилери жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен телекөпүрө аркылуу кышка даярдык маселеси талкууланып жаткан учурда билдирди.

“Эми энергетиканын бүгүнкү күндөгү абалын баарыңыздар билесиздер. Сөзсүз түрдө көмүргө көңүл бөлүп, көмүргө өткөнүңөр туура. Мен ачык эле айтып кетейин тарифтик саясатты баарыбир карайбыз. Бара-бара электр энергия кымбаттайт. Дароо эле кымбаттап кетет дегенден алысмын. Ошондуктан азыр алдын ала эле жылуулук маселесинде көмүргө басым жасаганыбыз туура” деди министр.

Белгилеп кетсек, Зилалиев  буга чейин Кыргызстанда 2018-2020-жылдары электр энергия тарифтери 10 пайызга көтөрүлө тургандыгын айткан

Эске салсак, учурда жарандар жарык үчүн бир киловатына 77 тыйындан төлөшөт. 700 киловатт-сааттык чектөөдөн ашкандар үчүн 2 сом 16 тыйын тарифи орнотулган.

Булак:Каганат

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 8 =