Мелис Мырзакматов: “Бул күнү ар бир адамдын жүрөк түпкүрүндѳ жакшы ниет менен аруу үмүт түнөк табат”

Каганат.

“Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов кыргыз элин 1-сентябрь Курман  айт майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, инсандарды ыймандуулукка жана сабырдуулукка, кечиримдүүлүк менен айкѳлдүккѳ, ак ниеттүүлүк менен кең пейилдүүлүккѳ  үндѳгѳн улуу майрам экенин баса белгилейт.

Урматтуу мекендештерим,

Кадырлуу кыргыз калкым!!!

 Бүткүл мусулман дүйнѳсү үчүн, тирүүлүк менен түтүмдүүлүктүн, ак тилек, мээримдүүлүктүн, ынтымак менен ырашкерликтин, кайрымдуулук менен карамдуулуктун күнү болгон Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган, инсандарды ыймандуулукка жана сабырдуулукка, кечиримдүүлүк менен айкѳлдүккѳ, ак ниеттүүлүк менен кең пейилдүүлүккѳ  үндѳгѳн улуу майрам.

Бул күнү баардык мусулмандар барга топук кылып, жокко чѳкпѳй, ата-бабаларды эскерип, жардамга муктаж адамдарга каралашып, жакындарына кам көрөт.

Бул күнү ар бир адамдын жүрөк түпкүрүндѳ жалаң жакшы ниет менен аруу үмүт түнөк табат.

Бул күнү адамдар келечекке ниет кылып, Жаратканга асыл-тилектери менен кайрылышат. Ушул ыйык күнү Сиздерди адал ниет менен аруу тилек жандап жүрүүсүнө тилектешмин!

Урматтуу мусулман мекендештер!

Алла таала өлкөбүзгө өсүп – өнүгүүнү, жергебизге тынчтык бейкутчулукту, элибизге ынтымак-биримдикти берсин.

Жараткандан элибиздин биримдигин, журтубуздун бүтүндүгүн тилеймин. Тынчылык, береке, токчулук, ынтымак дайыма биздин жашообузга шериктеш болсун!

Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен, 

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясынын төрагасы  Мелис  Мырзакматов

 

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × бир =