Ш. Мирзиёев Кыргызстанга 6-сентябрда келет

0

Каганат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга 6-сентябрда расмий сапар менен келет.  

Маалым болгондой, 30-августта Ташкенттин демилгеси менен эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн өзөгүн кызматташуу маселеси түзүп, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапары да талкууланды.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Кыргызстанга келери тууралуу 28-августта белгилүү болгон, бирок датасы айтылган эмес.

 Шавкат Мирзиёев президент болгондон бери Бишкекке болгон алгачкы сапары болмокчу.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =