Унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт

 

Каганат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябры – майрам күнүнө, 2-сентябрь – дем алыш күнүнө туш келгендиктен, унаа, турак-жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Андыктан, унаа, турак-жай жана жер салыктарын (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) төлөөгө жетишпей калган жарандар калган күндөрү, анын ичинде 4-сентябрда төлөй алышат.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эскерте кетсек, салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 2000 сом өлчөмүндөгү административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты + 11 =