БШК Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

0

Каганат.

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты. Тиешелүү чечим бүгүн, 4-сентябрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге топтолгон кол тамгаларды жараксыз деп тапкан болчу. Буга кол тамгаларды топтоо шайлоо фондунан каржыланбагандыгы себеп болгон.

Алгач Өмүрбек Текебаевди кыргыз тилинен тестке киргизбей коюшуп, кийинчерээк жашыруун түрдө тест алышып, ал 93,75 балл алганы белгилүү болгон.

БШК Текебаев акталса аны талапкер катары катташарын билдирип келген. Бирок 16-августта Текебаевди Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Анын мүлктөрү конфискацияланат.  Муну менен катар абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + он беш =