Элдик пикир: Калмак дос болот деп ойлобогун, Арсыз Сооронбайды колдобогун!

Каганат.

АКЫЙКАТТЫ АЙТКАН АКЫН

      Ушул жылдын июнь айында Ош шаарынын жанындагы Төлөйкөн айылында өткөн Мунгуш уруусунун Курултайында төгүп ырдаган өзбекстандык төкмө акын Идирис Айтбаев элди таң калтырган. Айрыкча уруунун жалаң элиталары отурган тар чөйрөдө ырдаган мына бул төмөнкү ыры уруунун шайлоодогу багытын бир жүз сексен градуска буруп салган.

                      Уруунун улуусу Мунгуш болот,

                      Чындыкты билип алсаң, уруулашым,

                       Келечекки шайлоодо акыл болот,

                       Сооронбай кыргыз эмес, калмак болот.

                       Көзүңдү ачып уруулашым, тууганым,

                       Жүрөк сырын айтууга кезек бергин.

                       Чындыгында урууң Мунгуш болсо,

                       Ага эмес, кыргызга добуш бергин.

                       Калмак дос болот деп ойлобогун,

                       Арсыз Сооронбайды колдобогун!

        Мунгуштун элиталары бул ырды мобилдик телефондоруна жаздырып  алып азырга чейин жашыруун угуп жүрүшөт. Ушул ырдын чындыгына ынанган Мунгуш уруусунун өкүлдөрү, айрыкча Төлөйкөндүктөр шайлоодо Президенттике талапкер Бакыт Төрөбаевге добуш берүүгө ооп кетишти. Мына, сага акындын кудурети!

     Өзбекстандык акындын негизги өзгөчөлүгү акыйкатты тайманбай таамай айтып, далилдүү ырдаган эр жүрөктүүлүгүндө.  Өзбекстандык болгону менен Кыргызстанда эч кимден коркпойт. Баш көтөргөн чоңдоруңдун бардыгын тойлорунда, иш-чараларында мактап ырдап, кубандырып  жүрүп баштарын ийдирип алган. Кесиптештеринин айтуусуна караганда ал Бабыр атындагы өзбек драма театрында директордун орунбасары кызматында болгону менен бирок бир айда бир жолу да жумушка келбейт экен. Ал эми кадимкидей айлык маяна ала берет.  

Ошто Улукбек Өмүрзаков (генерал Сүйүн Өмүрзаковдун иниси), Искендер Матраимов  сыяктуулар, Бишкекте өкүл атасы Марс Ибраев (Ислам институтунун ректору) жана башкалар колдоп  турса кимден коркуп, кимден тайманат эле?

Бул акын Өзбекстандын вице премьер-министрине комуз белек кылганда «чыныгы өзбекстандын кулуну экенсиз, каалаган күнүңүз бизге келе бериңиз сизга дайыма татыктуу кызмат даяр» деп убадалаганын делегацияда баргандар таң калуу менен айтып жүрүшөт.

 Кандай болгондо да Мунгуш уруусунун жыйынында тарыхый санжыраны жаңыртып ырдап, акыйкатты тайманбай таамай айткан чынчылдыгына, эржүрөктүүлүнө чындап ынандык. Кыргызстандык акындар айталбаган чындыкты ушул өзбекстандык акын айтып жүргөнүнө карапайым элибиз аябай ыраазы. Акыйкатты айткан алп акыным бар болгун!

                             Адилет Учкунбаев, эмгектин ардагери

Төлөйкөн айылы.

Бөлүшүү:

4 билдирүү

  1. Толойкондук 4 September, 2017 at 21:14 Жооп берүү

    Эмнени гана ойлоп таппайт. Адилет Учкунбаев деген инсан жок Толойкондо. Тескерисинче, баары колдоп жатышат. Жонокой, адамгерчиликтуу жана ыймандуу Сооронбайга добуш беришет.
    Бакыт Торобаев жана анын партиясы Толойкондо акыркы шайлоолордо 5 добуш алган. Ишенбесенер БШКнын протоколдорун текшерсенер болот.

  2. Айтмырза Абылкасымов 6 September, 2017 at 15:33 Жооп берүү

    Ой кысталак о-ой! Ал тойдо мен болгонмун. Идирис антип таптакыр ырдаган эмес! Ой, кысталак ой!

  3. Толойкон 8 September, 2017 at 23:00 Жооп берүү

    Уялбай кантип жаздынар автор? Мунгуш уруусунун курултайында акын андай деп ырдаган эмес. Мунгуш уруусу С.Жээнбековду колдойт.

Пикир

7 + беш =