Обончулук өнөрдүн көч башындагы залкары – Жумамүдүн Шералиев

0

Каганат.

Филармониянын алгачкы солисти

Залкар инсан Жумамүдүн Шералиев улуттук обончулук өнөрдүн көч башындагы залкары – улуттун сыймыгы.

Жумамүдүн Шералиев 1915-жылы 3-сентябрда Ат-Башы районундагы Туюк-Богошту (азыркы 1-Май кыштагында) аймагында жарык дүйнөгө келген. 13-14 жашында комузга, ырга болгон ышкысы артат.

-1933-1935-жылдары «Созулма», «Түшүмдө», «Сүйгөн жарга», «Сүйүү ыры» аттуу обондуу ырларды жаратат.

-1936-жылы жаңыдан уюшулган кыргыз филармониясында солист болуп иштейт. Эл аспаптар оркестринде альт-комузда ойнойт. Оркестрдин коштоосунда ырдап, аткаруучулук чеберчилигин арттырат. Музыкалык сабактан сабат алып, нотаны үйрөнөт.

Өзгөчө шык берген он күндүк

1939-жылы Москвада өткөн Кыргызстандын искусствосунун он күндүгүнө катышат. Москвалык угуучуларга өзүнүн «Түшүмдө», «Созулма» деген ырларын ырдайт. Ошол он күндүктө Ж.Шералиев «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. Жыйырма төрт жаштагы Жумамүдүн өкмөттүк жогорку сыйлыкка шыктанып, чыгармачылыкка баш оту менен киришип, бир катар чыгармаларды жаратат.

-1941-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наамды алат. СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынат.

-1948-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясына редакторлукка которулат. Бул жерде 1953-жылга чейин эмгектенип, уюштуруучулугун, демилгечилдигин көрсөтүп, акындык, журналисттик шыгын өркүндөтөт.

600дөн ашуун обон жаратып, Кыргыздын Гиннес китебине кирген

EPSON scanner image

Кыргыз обончуларынын атасы Жумамүдүн Шералиев чыгармачылык өмүр жолунда алты жүздөн ашык обондорду чыгарган. Алардын көпчүлүгү эл арасына кеңири таралып, сөзү, обону элдики аталып кеткен. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык алтын корунда 223 чыгармасы сакталып турат.

Ж.Шералиев 1931-жылдан ыр жазган. 1939-жылы республикалык «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» газеталарына ырлары жарыяланып келген. Обондуу ырларынын көпчүлүгүнүн сөздөрү өзүнүкү. «Сүйгөн жарга», «Сүйүү ыры», «Укчу эркем», «Ойло сен», «Карындаш», «Жигитке», «Жашообуз болсун көктөмдөй», «Ырдалды», «Кыргыз жайлоосу», «Ай кайыңдар», «Сонунда» ж.б ондогон ырларды жазган.

Төкмө, журналист

Орошон акындын Нарын облусунун, райондун мезгилдүү басма сөздөрүндө жарык көргөн ырлары, термелери, сатиралык ырлары, интермедиялары, сахналаштырылган музыкалык композициялары ондоп саналат. Кезегинде «Токтогул ырдаган» деген бир көшөгөлүү, үч сүрөттүү пьесасы облустук, райондук театрларда коюлган. Шералиев жаш курагында төкмөлүк акындыгы менен да таанылган. Калык, Осмонкул, Алымкул, Кара Молдо, Ыбрай, Молдобасан, Атай, Муса, Бектемир, Мыскал, Абдыкалык, Шаршендей кайталангыс залкар таланттар менен үзөнгүлөш эмгектенген. Кезегинде Осмонкул төкмө акын менен оюн-чыны аралаш айтышын кагаз бетине түшүрүп койгон экен.

Ж.Шералиев өзүнүн жашап өткөн доорунда журналисттик шыгын да сынап көргөн. Өздүк архивинде республикалык, облустук гезит-журналдарда 1940-жылдан өмүрүнүн акырына чейин жарыяланган очерктери, аңгемелери, макалалары, фельетондору сакталуу.

 Өзүм элдики болгондон кийин сөзүм да, обонум да элдики болгондон артык сыймык жок

Ат-Башынын ардактуу атуулуна чыгармаларын топтоп бир китеп кылып чыгарууга жулунбаганын билдирген: “Көп эле ыр жаздым, айта берсем толуп жатат. Көп ырларымдын сөзүн элдики деп жазып жүрүшөт. Ага деле унчукканым жок. Өзүм элдики болгондон кийин сөзүм да, обонум да элдики болгондон артык сыймык жок деп ойлойм”-деген ал.

Жумамүдүн Шералиев жөнүндө Калый Молдобасановдун айтканы бар: “Ушул эң жөнөкөй, карапайым, кичинекей адам, обончу Жумамүдүн Шералиев таң каларлык талант. Музыка жаатында жалаң мажорлуу (шаңдуу, ачык мүнөз) обондорду жаратат. Мындай мажорлуу обондорду жаратыш өтө кыйын. Жумакем болсо обондорду наавайчы нан жапкандай эле, биринен сала бирин чыгара берет. Ар бир ыры бирин-бири кайталабаган оригиналдуу ырлар. Бул адамды мен эң таланттуу обончу-композитор деп атаар элем”,- деп ыраазычылык менен эскерген.

Кичүү кызы Турдугүл Шералиева атасынын мүнөзү абдан жумшак болгонун айтып Lady.kg гезитине маек берген.

“Атам абдан жумшак киши эле, сөгүнгөнүн бир да жолу уккан эмесмин. Бизди да урушчу эмес. «Адилет болгула, күнөөң жок болсо да бирөө урушса унчукпагыла», – деп дайыма айтар эле. Бизди чакырганда «ыя?» дечү эмеспиз, эң жаман көргөн сөзү ошол болчу. Атам бизге тарбияны мыкты берген, ал обон жазып жатканда үй жымжырт болуп турчу. Иш бөлмөсүн бизге жыйнатчу эмес, өзү жыйнап, пианиносунун чаңын өзү сүртчү. Биз сүртүп берели десек, «калемди ордунан жылдырып жибересиңер, дароо жазбасам, аны издегенче илхам кетип калат, кирбегиле», – дечү. Кээде үйдө жарык өчүп калган учурларда башынан өткөн кызыктуу окуяларды айтып берчү. Биз “Шералиевдин кызы” деген атыбызды пайдалангыбыз келип “ата, дүкөндөн кезеги жок кийим алып бербейсизби?» десек, «балам, кийим сенин тагдырыңды чечпейт, акылың чечет», – деп койчу. Атын эч качан пайдаланчу эмес”,-деп эскерген атасын.

Сыймыктуу сыйлыктары

1941-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алган. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге “Кыргыз Эл артисти наамы” ыйгарылган. Ардак Белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.

Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × төрт =