“Саякбай” тасмасы Монреалда Гран-приге ээ болду

Каганат.

“Саякбай” тасмасы 41-Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча Гран-приге ээ болду.

Бул көркөм тасмада 20-кылымдын Гомери аталган улуу манасчы  Саякбай Каралаевдин жашоо-турмушу, чыгармачылыгы чагылдырылган.

Манасчынын ролун аткаргандар: Марат Жанталиев – карыган кези, Бактыбек Нурмат уулу – орто жашы, Үмөт Дөөлөт уулу – бала чагы.

“Саякбай” тасмасынын аткаруучу продюссери Сүйүм Сулайманова, башкы продюсери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети + үч =