Текебаевдин сотунда күбөлөрдү суроо өтүнүчү айтылды

0

Каганат.

Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда. Анда жактоочу Канат Хасанов экс-премьер-министр Амангелди Муралиев менен  Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулованы суроо керектигин билдирди.

Хасановдун айтымында, Биринчи май райондук сотунда аталган күбөлөр суралбай калган. Себеби сот Айбек уулу Эрнис баардык күбөлөрдү суроонун кажети жок деген.

Эске салсак,  16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат.  Муну менен катар алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − беш =