Доктурлар жеке клиникалар менен кызматташканына депутат нааразы болду

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин жыйынында онкологиялык жардам тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланды. Анын жүрүшүндө депутат Аида Исмаилова Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге суроо менен кайрылды.

“Мамлекеттик ооруканаларда иштеген доктурлар жеке клиникалар менен кызматташары белгилүү. Алар оорулууну жеке клиникаларга жиберген учурлары болгон. Онкологиялык жактан ооруган адамдын жакындары аларды дарылатуу үчүн баарына даяр”,-деди эл өкүлү.

Министрдин айтымында, учурда доктурларга жеке клиникаларды ачууга тыюу салган механизмдер жок.

“Сиз айтып жаткан нерселерди далилдөө дагы керек. Биздин доктурлар милдеттерин так жана ак ниети менен аткарып келишет. Эгерде силер сунуш кылсаңар биз механизмдерди карап чыгууга даярбыз”,-деди Батыралиев.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + 11 =