Былтыр 178 айым үйдөн көз жарган

0

Каганат.

2016-жылы 178 айым үйдөн көз жарган. Бул тууралуу Бишкектеги медициналык “Тез жардам” станциясынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Айтымында, учурда гинекологиялык бригада маселеси түзүү маселеси жаралууда.

“Айымдар, өзгөчө жаңы конуштарда жашагандар каттоого турбай, үйлөрүнөн төрөп жатышат. Былтыр 178 ушундай учур ктатталган. Бул бир эле эмес эки адамдын өмүрү. Жада калса эгиздерди дагы үйүнөн төрөгөндөр да бар”,-деди Шаяхметов.

Искендер Шаяхметов билдиргендей, боюнда бар айымдар каттоого туруусу үчүн жашаган жеринен маалым кат гана керек.

“Мисалы, бүгүн биздин медиктер 23 жаштагы айымды үйүнөн төрөтүшкөн. Ал айым Жалал-Абаддан келген жана каттоого турган эмес”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

7 + 20 =