Эркиндик бульварына узундугу жана кооздугу жагынан дүйнөдө эч бир көчө тең келбейт

0

Каганат.

“Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Мындан ары Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

Эң узун

• Кыргызстандагы эң узун кырка тоо — Какшаал тоо тизмеги. Узундугу 582 км.

• Эң узун дарыя — Чүй. Анын жалпы узундугу 1030 км.

• Республикадагы эң узун автожол Бишкек-Ош автомагистралы. Узундугу 650 км, анын 300 километри тоо аркылуу өтөт. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат. Бул жол Борбордук Азиянын 5 мамлекетинин, ошондой эле түштүк­ азиялык субконтиненттин 10 мамлекетинин чектеринде эл аралык транспорттук интеграция процессине тартылган. Бул жолдо 100дөн ашык көпүрө, 5 туннель бар. Анын бири деңиз деңгээлинен 3115-3185 м бийиктикте жайгашкан. Суусамыр туннелинин узундугу 2,5 км. Жол 1965-ж. ишке берилген.

• Бишкектеги Эркиндик бульварына узундугу жана кооздугу жагынан дүйнөдө эч бир көчө тең келбейт.

• Эң узун радиотасма 1960-­ж. жазылган. Ошол жылы режиссер Турсун Уралиев үч ай бою манасчы С. Каралаевден “Манас” эпосун 45 миң м радиотасмага жазып алган.

• Айрым пикирлер боюнча эң узун кыргызча сөз — тегирменчиникиндегилерденсиздерби? — деген суроолуу сөз. 33 тамгадан турат.

• Азыркы учурдагы эң узун кыргыз акталаалык Жеңишбек Айылчиев (1979-ж.т.). Боюнун узундугу 2 м 28 см, салмагы болжол менен 120 кг (2004).

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети − 5 =