В.Шевченко алдыдагы негизги беттешке кызуу даярданууда (фото)

0

Каганат.

Эки күндөн соң, тактап айтсак  Бишкек убактысы менен 10-сентябрь күнү кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен бразилиялык мушкер Аманда Нунестин негизги беттеши өтөт.

  Беттеш Канаданын Эдмонтон шаарында UFC-215 турниринин алкагында  өтмөкчү.

Эске салсак,  9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 213 турниринде көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан, эң маанилүү деп күтүлүп жаткан  бразилиялык А.Нунес менен В.Шевченконун беттеши өтпөй калган.

Ага учурдагы чемпион А.Нунес беттешке бир нече саат калганда ооруканага түшүп калганы себеп болгон.

Бул боюнча Шевченко менен Нунес өз пикирлерин интернет баракчалары аркылуу билдиришкен.

Анда кыргызстандык спортчу бул көптөн күткөн мелдеш экендигин, жана буга катуу даярдык көргөндүгүн   мелдеш болбой калганы абдан өкүнчүчтүү болгонун айткан. Ошондой эле кийинки беттешти күтөөрүн жазган.

Ал эми бразилиялык спортчу Аманда Нунес буга анын ден соолугу себеп болгонун жана атаандашы Шевченко менен беттешкиси келээрин жазган болчу.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =