Тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулар 7 медалга ээ болушту

0

Каганат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, Тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулар 7 медаль жеңип алышты.

 Маалым болгондой, Казакстандын Астана шаарында тогуз коргоол боюнча “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүнө арналган Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 7 медалды багындырды.

Аталган мелдеште жалпы 25 өлкөдөн спортчулар катышып, тогуз коргоолдун 7 түрү боюнча күч сынашкан.

Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышып 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 2 =