Айсулуу Жунусбекова: “Кыргызстанга жакшы медициналык борбор ачкым келет”

0

Каганат.

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” дейт эмеспи элибизде. Анын сыңарындай АКШнын Нью-Йорк шаарында талыкпай билим алып, аны менен катар эле эмгектенип жүргөн мекендешибиз Айсулуу Жунусбекова көпчүлүктүн кыялы болгон АКШга кантип барып калганын жана ал жактагы жашоосу тууралуу айтып берди.

Эң алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз…

-Мен Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында төрөлгөм. 2004-жылы мектепти аяктап, Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинде Экономика адистиги боюнча билим алдым. Андан соң «Work and travel» программасы аркылуу АКШнын Нью-Йорк шаарына тил үйрөнүү үчүн келгем. Ошентип 2009-жылдан бери ушул жакта жашап келем.

-«Work and travel» программасы менен барганда 3 айга гана виза берилет эмеспи. Документтериңизди кантип ирээтке келтирдиңиз?

– АКШга келген ар бир жаран визасын узартууга укугу бар. Мен келгенде карылар үйүндө иштеп, жумушум боюнча виза алдым. Учурда АКШнын жаранымын. Американын жараны катары менин бардык укуктарым корголот. 

Кайсы кесиптин ээси болуп чыгасыз?

Бул жактагы билим берүү системасынын ыңгайлуулугу, шарттары абдан жагып калды. Анын үстүнө дүйнөдөгү мен-мен деген күчтүү университеттер дал ушул АКШда жайгашкан. Көпчүлүктүн кыялы Америкадан билим алуу болсо керек. Мен дагы Нью-Йоркто калып билим алууну улантууну туура көрүп, алдыма максат койдум. Мен медайым кесибин тандагам. Себеби бул кесиптин келечеги абдан кең.

– Эмне себептен дал ушул кесипти тандадыңыз?

– Кичине кезимден эле доктур болом деп кыялданчумун, себеби атам ооруканада бухгалтер болуп 33 жыл эмгектенген. АКШга келгенде ошол кыялымды орундатууну туура көрдүм. Бул кесип аркылуу адамдарга жакшылык кылып, алардын өмүрүнүн сакталышына өбөлгө болосуң. Өзүмдүн балдарым сыркоолоп калышса дагы жардамга биринчи мен келем. АКШда медайым болуунун дагы бир пайдалуу жагы бар, кайсы штатка көчсөң дагы жумушуң даяр болот. Учурда ал окуумду аяктап, дагы бир окууга тапшыргам. Анда деле медайым болом, бирок оорулууларды дарылап, аларга жары жазып берип, өз алдымча иштеп, кеңсе ачууга укуктуу болом. Менин кыялым өзүмчө кеңсе ачып, өз алдымча иштегим келет.

– Окууга кандайча өтүп калдыңыз?

-Мен документ тапшырганда дароо 5 колледжге өтүп кеткем жана медициналык колледжди тандам алгам. Кыргызстанда жүргөндө эле жакшы окугандыктан окууга өтүү мен үчүн кыйынчылык деле туудурган жок.

Кандай кыйынчылыктар болду?

-Башында тилден кыйналдым. Эссе жазуу кыйын болду. Бирок интернеттин жардамы менен көп нерсени үйрөндүм. Ошондой эле бул жакта тилди жакшы билбегендерге үйрөткөндө дагы бар. Кудайга шүгүр, аракет кылып учурда эң жакшы деген бааларга окуп жатам.

– Окуу системасы Кыргызстандыкынан бир топ эле айырмаланып турса керек?

-Эки өлкөнүн окуу системасында чоң айырмачылыктар бар. Кыргызстанга бир группа болуп тапшырып, баарың бирге окууну бүтүп чыгасың. Бул жакта болсо ар бир класста жаңы мугалим, жаңы студенттер менен отурасың. Акча берип окууга өтүү деген жок. Акча берип окууңду бүтүрө албайсың. Окууларыңдын баарын тапшырмайынча кийинки баскычка өтө албайсың. Биринчисинде мамлекет жардам берет, анда дагы өтпөй калсаң, анда өзүң төлөйсүң. Бул жактын профессорлору дагы башкача. Кыргызстанда мугалимдер алтын да. Студент үчүн күйүп-бышып, аларды урушкан учурлары болуп, интернетке дагы жайылып кетип жатат. Ал эми АКШда мугалимдин башы оорубайт. Сен тапшырманы аткарып келесиңби баары бир. Ал сен тапшырманы аткардыңбы, жокпу белгилеп гана коет дагы, кийин ошого жараша кийинки баскычка өткөрөт же өткөрбөйт.  

– Окууга кеткен чыгымдарды ким каржылайт?

-Окуумду мамлекет каржылап берет. Мен грант утуп алгам. Мен болгону китептеримди гана өзүм сатып алам. Бирок алар дагы арзан эмес, бир китебим эле 200-300 доллар турат. Ар бир семестрде китептерге 1000 доллар коротом. Мен стипендия алып турам. Жакшы окуганым үчүн стипендия алып, ал акчага китептерди алам.

АКШда жашоо кымбатпы?

-Нью-Йоркто жашоо кымбат. 1 бөлмөлүү батирди ижарага алып жашайбыз. Ага айына 1300 доллар төлөйбүз. Тамак-аш өтө кымбат, айына 600 долларга чейин сарптайбыз. Жол кире 100 доллардай чыгат, кийим-кечең бар дегендей. Бирок “иштесең тиштейсиң” дегендей иштеген киши ачка калбайт. Мен жумасына 2 күн иштейм. Менин түгөйүм батирдин акысын жана башка чыгымдарды төлөйт, мен болсо өзүмдү өзүм каржылап турам.

Мекениңизди сагынсаңыз керек? Мекендештер менен жолугушуп турасыздарбы?

-Жаңы келгенде кыргыздар менен жолугуп, алар менен сүйлөшүп отуруу мен үчүн абдан маанилүү жана кызыктуу болчу. Кыргызстанды сагынып, абдан кыйналып жүрдүм. 2-3 жыл кыргыздар уюштурган концерттерге, иш-чараларга көп барып турчумун. Азыр болсо андай жерлерге барбай калдым. Себеби ошол нерселерге короткон убактымды окууга жумшашым керек деп ойлойм. Үй-бүлөмө байланышкан иш-чараларга жана кыйбас адамдарым чакырышса, барганга туура келет, башка күндөрү үйдө отуруп окууга убактымда коротом.

Чет жактан билим алууну көксөгөндөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

-Жаштарга айтарым, эң биринчи кесипти туура тандоо керек. Алдыга максат коюп, ага жетүүгө план түзүп, ага умтулуу зарыл. Андан соң убакытты туура пайдаланууну билүү зарыл. Жаштардын күзүрү убакыт. Убагында окуп алышпаса, кийин өкүнүп калышат. Жашым өтүп калды деп дагы отуруп калган туура эмес. Билим алууга эч качан кеч болбойт. Мен деле айылдан чыккан жөнөкөй эле кызмын. Мени эч ким АКШга чакырган эмес. Аракет кылсаң берекет. Жакшы окуш керек. Кыргыздар абдан кыйын калк, мекендештерим келип билим алып жатканын көп эле көрүп жатам, алар үчүн абдан кубанам. Мен дагы жаштарга айтам келгиле, билим алгыла деп. Эң негизгиси чет жакка окуйм деген студенттер болсо каалоосу күч болуп, аракетчил болушу керек. Окуу оңой эмес. Ата-энелерге кайрылат элем, балдарыңарга жол көрсөтүп, билим алам десе тоскоол болбоңуздар. Кыргызстанда жөн эле ичип жеген той-топурлар көбөйүп кетти. Андан көрө ошол каражаттарды балдардын билим алуусуна жумшаш керек деп санайм.

Алдыга койгон кандай пландарыңыз бар?

Менин окуумдун 1 жылы калды. Аны ийгиликтүү аяктап, андан кийин агы 2 жылдык билимди улантууну көздөп жатам. Андан соң Дубайга барып, ал жактын системасы менен таанышып келгим келет. Андан соң Кыргызстанда жакшы медициналык борбор ачып, кыргызарга жардам бергим келет. Тажрыйбалуу адистерди даярдап чыксам деген тилегим бар.

Учурда Кыргызстанда медицинанын абалы жакшы эмес. Мен Ысык-Көлдөн 2 эгиз баланы УЗИ бир нече жолу көрсөтүп, бирок доктурлар 1 эле ымыркай төрөлдү дешиптир. Макул УЗИ бир жолу жаңылды дейли, бирок 8 жолу жаңылышы мүмкүн эмес. Бул акылга сыйбаган иш. Ошол төрөткө катышкан доктурларды, медайымдарды сурап, бул иштин акырына чыгышы керек. АКШда 14 күндө эле уулбу, кызбы билсе болот, УЗИ алдады деген нерсе болбойт.

Доктурлар акча берсе карайт, болбосо жок. Медицина тармагы коррупцияга батып кетиптир. Ушул нерсе Кыргызстанда болбосо дейм. АКШда баары жакшы, оорулууларга өтө жакшы мамиле кылышат. Өзү кыйналып турган адамды ого бетер кыйнабай, жакшы мамиле кылууну Кыргызстандагы медицина тармагында иштегендерге да үйрөткүм келет.

Сизге эркин микрофон

Учурда балам бар. Аны апам карап жатат. Апама өтө ыраазымын. А тамгасын үйрөткөн Урмарал орто мектебинин мугалимдерине ыраазычылык, КГУСтанын кыргыз-араб университетине дагы рахмат дейт элем. Бул жактан мени окутуп жаткан профессорлордун иштерине ийгилик каалайм.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × бир =