Дүйшөбаев: “Текебаевдин же Чотоновдун “Мегакомго” кийлигишүү аракеттери тууралуу бир дагы маалымат уккан жокмун”

0

Каганат.

Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновдун соттук отуруму уланууда. Анда УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев көрсөтмө берди. Айтымында, 2010-жылы “Мегаком” компаниясынын айланасындагы окуялар тууралуу маалыматтар текшерилип турган.

“Мен 2010-жылы УКМКнын төрагасы катары Текебаевдин же Чотоновдун “Мегакомго” кийлигишүү аракеттери тууралуу бир дагы маалымат уккан жокмун. Мен бир шыбырт болсо эле укмакмын. Ал учурда бийликтен кеткен тараптын коомдук абалды курчутууга таасир этүү аракети күч болчу. Бул боюнча тынымсыз маалыматтарды Роза Отунбаевага берип тургам”,-деди ал.

Эске салсак,  16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат.  Муну менен катар алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 9 =